Оман Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 11-12-февраль күндөрү расмий сапары менен Оман Султанатында болду. Сапар араб өлкөсүнүн тышкы иштер министри Саид Альбусаидинин чакыруусу менен уюштурулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдиргенин kg.eurasiatoday.ru сайты жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, сапардын алкагында, министр Кулубаев Оман жетекчилиги жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүп, кыргыз-оман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүнү жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты талкуулады.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Фейсал Аль-Равас менен эки тараптуу жолугушуусунда Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берип, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишке ашырыла элек чоң кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Кулубаев Оман тарапка Кыргызстандагы келечектүү тармактарга, анын ичинде гидроэнергетика жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.
Ошондой эле, ал Оман Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын жана делегациясын 2025-жылдын 30-июну – 1-июлу күндөрү өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумдун алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.
Өз кезегинде, Фейсал Аль-Равас эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташуусун жандандыруу боюнча демилгени колдой турганын белгилеп, жакынкы аралыкта Оман Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы менен Кыргызстанга барууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Оман ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкерлердин байланышын чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.
Биргелешкен инвестициялык компания түзүү сунушу
Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын Каржы министри, Инвестициялык кеңешинин төрагасы Султан Аль-Хабси менен эки тараптуу жолугушуусунда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана туристтик тармактарда толук ачыла элек чоң кызматташтык потенциалы бар экенин белгиледи.
Ушул багытта ал Оман тарапка биргелешкен инвестициялык компания түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, маектешин инвестициялык делегация менен Кыргызстанга сапарлап келүүгө чакырды.
Өз кезегинде Оман Султанатынын Каржы министри эки өлкөнүн кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүнчүлүгү бар деген пикирге кошулуп, ушул өңүттө Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана жеке секторунун өкүлдөрү менен байланышты күчөтүү боюнча сунушту колдоду.
Мындан тышкары, Султан Аль-Хабси жакын арада Кыргызстанга инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана туристтик потенциалды изилдөө максатында, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан ар кандай тармактардагы долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ жиберүү ниетин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Омандын ортосунда инвестиция, соода, логистика жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти улантууну макулдашты.
Оман Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар
Ал эми Кулубаевдин омандык кесиптеши Бадр Бин Хамад Аль-Бусаиди менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономика, инвестиция жана туризм тармактарында кыргыз-оман мамилелерин тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
КР министри эки өлкө ортосунда ишке ашпаган чоң потенциал бар экенин белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды жандантууну, өкмөттөр аралык биргелешкен комиссияны жана кыргыз-оман ишкер кеңешин түзүүнү сунуштады. Ушул өнүттө ал оман тарапты 2025-жылдын июнь айынын аягында – июль айынын башында Кыргызстанда өтө турган Борбордук Азия мамлекеттери менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
Саид Аль-Бусаиди Оман Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана жеке сектору ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү демилгесин колдоду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кулубаев Кыргызстандын жетекчилигинин Оман Султаны Хайсам бин Тарек Аль Саидге жолдогон катын тапшырып, Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуудагы талапкерлигинде Омандын колдоосуна үмүт артарын билдирди.
Мындан тышкары, кыргыз тарап Оман да Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкө экенин белгилеп, Оман султанатын 2027-жылы өтө турган Глобалдык тоо саммитине жогорку деңгээлде катышат деген үмүтүн билдирди. Омандын Тышкы иштер министри бул демилгени колдоп, иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстандын жана Омандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар жөнүндө меморандумга кол коюп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча ишти улантууну макулдашты.
Омандык авиакомпания Кыргызстан менен туруктуу түз авиакаттамдарды орнотууга кызыкдар
Мындан тышкары, КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев омандык “Salam Air” авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси менен жолугушуп, Кыргызстандагы авиация тармагынын өнүгүүсү, анын ичинде жаңы эл аралык аэропорттордун курулушу жана модернизацияланышы тууралуу маалымат берди.
Буга байланыштуу, ал авиакомпаниянын буга чейинки Кыргызстан менен Оман арасында чартердик каттамдарды аткаруу тажрыйбасын эске алуу менен, ал түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде, “Salam Air” авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси авиакомпания Кыргызстан менен Оман ортосунда чартердик каттамдарды жандандырууга жана туруктуу түз авиакаттамдарды орнотууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, анын ичинде тиешелүү укуктук-ченемдик базаны даярдоо тууралуу келишимге келишти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.