Блогер Айбек Уланов атылды делген маркум келин боюнча маалымат тараткандан кийин милицияга жеткирилди

Блогер Айбек Уланов Кара-Кулжа районунда күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлдү делген маркум келин тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин милицияга жеткирилди.

38 жаштагы Айзирек 26-май күнү күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Окуя Өзгөн районунда өткөн мектепти бүтүрүүнүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, 1985-жылы туулган А.Б. жолугушууда аялын кызганып, үйдө алардын ортосунда чыр чыгып, акыры трагедия менен аяктаган. Жубайлар беш баланы тарбиялап келишкен, ал эми адам өлтүрүү учурунда күйөөсү балдарды үйдөн чыгарган. Маалым болгондой, ал учурда эркек киши мас абалда болгон.
 
Айзиректин туугандарынын айтымында, ал акылдуу, тартиптүү, эмгекчил жана ыймандуу аял болгон, күйөөсү болсо аны көзөмөлдөп, басым көрсөтүп, коркутуп келген. Классташтарынын айтымында, Айзирек жолугушууда кызганууга негиз болчу эч кандай аракет жасаган эмес. Ал расмий бөлүгүнө гана катышып, күйөөсү менен кайра үйүнө кеткен.
 
Бул кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Андан кийин Уланов Айзиректи ИИ (искусственный интеллект) аркылуу тартылган сүрөт менен бирге «Аялыңыз мектепти бүткөндүгүнүн 20 жылдыгында классташы менен жатып алганын билип калсаңыз, кандай реакция кылмаксыз?» деген пост жарыялады. Бул билдирүү социалдык тармактардагы кыргызстандыктардын кескин сынына кабылып, көпчүлүк аны жоопко тартууну талап кылды. Уланов постун өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видеосун жарыялады, бирок ал дагы коом тарабынан терс кабыл алынды.
 
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Улановдун билдирүүсүндө «жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн аялдын ар-намысына шек келтирген» сөздөр бар экенин белгилешти. Бул факты боюнча азырынча тергөө алдындагы текшерүү иштери жүрүп жатат.
 
Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 1994-жылы туулган Айбек Улановду Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына жеткиришти. Ал жерден дагы бир жолу кечирим сураган.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында Улановдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз