ӨКМдин кызматкери камакка алынды. Бул иш боюнча эмне белгилүү?

Ош шаарында жол кайгуул кызматкерлерин сабаганы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу куткаруу кызматынын башчысы камакка алынды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына шилтеме берип жазды.

Алдын ала маалыматка ылайык, рейд учурунда прокуратура жана ӨКМ кызматкери мас абалда кармалган. Алар жол кайгуул кызматкерине баш ийбей, күч колдонуп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.
 
ӨКМдин кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми прокуратура кызматкери азырынча эркиндикте. Ал буга чейин убактылуу кызматтан четтетилгени айтылууда.
 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубанычбек Камчибеков жогоруда айтылган окуя катталып, иш Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок Камчибеков жаңжалга кайсы укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышканын так айткан жок.
 
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 6-апрелде катталган. Эс алуу күнү болгондуктан, ӨКМ кызматкери досу менен спирттик ичимдик ичип, унаада жүргүнчү катары бара жатканда кармалган.
 
«Куткаруу кызматынын башчысы кызмат ордунда иштеген. Бул окуя 6-апрелде болгон экен. Ишемби - эс алуу күнү болгон. Бизге маалымат жакында жетти. Бул боюнча бизге билдирген эмес экен. Ички иштер министрлигинен биздин кызматкер экени, кызматтык милдеттери тууралуу маалымат сурап, иш козголгону боюнча кат келип түшкөн. Биз андан кийин 18-апрелде министрликке жана аскер прокуратурасына кабар бердик. 29-апрель күнү ал 48 саатка камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.
 
Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлгөн соң гана ӨКМ тарабынан ички иликтөө жүргүзүлүп, укук бузууларга жол берген кызматкерлердин кызматтык маселеси каралары маалым болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз