Ак илбирс: жапайы жаратылыштын символу жана аялуу түрү

Борбордук Азиянын жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстан жапайы фаунанын көптөгөн түрлөрүнүн мекени. Анын ичинде уникалдуу жаныбарлардын бири катары – ак илбирс өзгөчө орунду ээлейт. Тоолуу аймактардын экстремалдык шарттарына көнүү жөндөмдүүлүгү менен белгилүү болгон бул ири жапайы жырткыч Кыргызстандын экосистемасында маанилүү роль ойнойт. Бирок, анын саны азайып, бүгүнкү күндө адамдардын коргоосу менен көңүл буруусуна муктаж.
Ак илбирстин таралышы жана экологиясы
Ак илбирс (лат. Panthera uncia) – Борбор Азиянын тоолуу аймактарында жашоочу эндемик, башкача айтканда, өзгөчө жаныбар. Ошондуктан бул түрдү кездештирүүгө боло турган бирден бир мамлекет – бул, Кыргызстан экени талашсыз. Алардын эң негизги олжосу – тоо теке менен бугу. Андан сырткары, майда жаныбарларга да аңчылык кылып, аскадагы жан боорлорду байырлайт.
Ак илбирстер туш болгон коркунучтар
Аларды санынын азайышына алып келген бир катар олуттуу коркунучтар тооруп жүрөт. Негизги көйгөйлөрдүн бири – өнүгүү жана инфраструктуралык долбоорлор сыяктуу адам ишмердүүлүгүнүн кеңейишинен улам, алардын жашоо чөйрөлөрүнүн азайышы же жоголушу. Бул ак илбирстердин популяциясынын бөлүнүшүнө жана байланышынын жоголушуна алып келет. Ошентип жашоо чөйрөсүнүн өзгөрүшүнө көнүүгө аргасыз кылып, жем таап жеши менен көбөйүү мүмкүнчүлүгү чектелет. Ак илбирстер тооруган дагы бир чоң көйгөй – мыйзамсыз аңчылык менен терисин саткан соодасы иши болуп саналат. Алардын кулпуруп турган сейрек кездешүүчү териси – баалуу буюмдардын катарын толуктагандыктан, аларга аңчылык кылуу токтобой келет.
Илбирсти коргоо: бул уникалдуу жырткычтын жашоосу үчүн күрөш
Негизи ак илбирс планетадагы эң сейрек кездешүүчү жана уникалдуу жапайы жырткыч жаныбарлардын бири. Борбордук жана Түштүк Азиянын тоолуу аймактарында жашаган мышык сымал жаныбар – жапайы жаратылыштын жана тоо пейзаждарынын кооздугунун символу болуп саналат. Ошондуктан, алардын тукум улап, жашап кетишине терс таасирин тийгизген көптөгөн коркунучтарга дайыма тооруп келет.

Жогоруда белгиленгендей, ак илбирстерге коркунуч туудурган негизги факторлордун бири – анын жаратылыш чөйрөсүнүн бузулушу менен өзгөрүшү. Глобалдык жылуулануу жана климаттын өзгөрүшү алардын тамактануусуна керектүү болгон олжосуна жетүүсүн кыйындатып, аман калуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошондой эле токойлорду мыйзамсыз кыюу жана жайыт жерлеринин кеңейиши ак илбирстерге басым жасап, аларды салттуу чөйрөсүнөн сүрүп чыгарууда.
Алардын жүндөрү, сөөктөрү жана башка дене мүчөлөрү элдик медицинада колдонулуп, “кара базарда” сатылат. Бул ак илбирстин азыктарына суроо-талапты жаратып, ак илбирстин популяциясына олуттуу сокку урган браконьерликке түрткү берет.
Ушул көйгөйлөр чечилип калган жок. Эл аралык жана улуттук жаратылышты коргоо уюмдары ак илбирстерди коргоо боюнча жигердүү аракеттерди көрүп келишет. Алардын санынын жана жашаган чөйрөсүнүн динамикасын жакшыраак түшүнүп, аныктоо үчүн бир катар изилдөө, мониторинг жана популяцияны баалоо иштерин жүргүзүшөт.
Ак илбирсти коргоо боюнча негизги сунуштар кайсылар?
Экология жаатындагы адистер ак илбирстердин жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн алардын табигый чөйрөсүн, анын ичинде Борбордук жана Түштүк Азиянын тоолуу аймактарын сактоо жана коргоо маанилүү экенин айтып келишет. Улуттук парктарды, коруктарды жана өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү – алардын жашоо чөйрөсүн сактоого өбөлгө түзөт дегенди жүйө келтиришет.
Ошондой эле жергиликтүү коомчулукту колдоо да ак илбирсти коргоонун маанилүү аспектиси болуп саналат. Ошентип мындай аракеттерди ишке ашыруу аркылуу жана туризмди өнүктүрүү же жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу программалары сыяктуу альтернативалуу киреше булактарын берүү менен ак илбирстин жашаган жерлерине болгон басымды азайтып, аларды сактоого көмөктөшөт.

Мыйзамсыз соодага каршы күрөш ар дайым айтылып келаткан сунуштардын сап башында. Ак илбирстин терилери, жүндөрү, сөөктөрү жана башка дене мүчөлөрү “кара базарда” сатылышы – олуттуу коркунуч туудурат. Жапайы жаныбарлардын мыйзамсыз соодасын ооздуктоо боюнча көзөмөлдү күчөтүп, эффективдүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
Изилдөө жана мониторинг - ак илбирстин жүрүм-турумун, экологиясын жана популяциясын изилдөө алардын муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө жана коргоонун эффективдүү стратегияларын иштеп чыгууга жардам берет. Калктын санына жана алардын жашаган жерлерине системалуу мониторинг жүргүзүү да коргоо чараларынын маанилүү компоненти болуп саналат.
Ак илбирстердин Кыргызстандагы саны канча?
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ак илбирстердин саны 280-300гө жакын. Өлкөдө он жаратылыш коругу болсо, ошонун баарында ак илбирс бар экени далилденген. Ѳткөн кылымдын 70-80-жылдарында ак илбирстер өлкөнүн тоолуу аймактарынын бир топ жеринде кездешкен. Бирок соңку жылдары саны кыскарып, байырлаган аймактары Нарын, Ысык-Көл, соңку маалымат боюнча Алай тарапта да кездешет. Учурда Кыргызстанды байырлаган ак илбирстердин саны кыскарып же көбөйүп кеткени тууралуу так сандарды айтуу кыйын. Бирок браконьерлер аткан учурлар бар экенин эске алганда, алардын санын көбөйдү деп айтууга да болбойт.
Ак илбирстер деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктикке чейинки аймактарда жашашат. Мыйзамсыз аңчыларды көп кызыктырган бул жарткыч жаныбардын териси абдан баалуу деп эсептелет. Дүйнөдө төрт миңден алты миңге чейин ак илбирстер бар экени айтылып жүрөт. Соңку иликтөөлөргө караганда 2008-жылдан бери дүйнө жүзүндө 221ден 450гө чейинки ак илбирстер адамдын колу менен өлтүрүлгөн. Браконьерчиликтин 90 пайызы беш өлкөгө таандык - Кытай, Монголия, Пакистан, Индия жана Тажикистан.
Даярдаган: А.Каракозуев
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.