Москвада УКТнын мүчөсү кармалды. Ал Орусиядагы кыргыз жарандарынан опузалап акча алып турган

Москва шаарында 10-июнь күнү Кыргызстандын издөөсүндө жүргөн кылмыштуу авторитет кармалганын 12-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө версиясы боюнча, 1984-жылы туулган М.М. Москва жана Москва облусундагы кыргыздарга «кароолчу» (смотрящий) катары белгилүү. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ыкчам каттоодо турат жана оор кылмыш жасаган деп айыпталууда.
 
Кармалган адам Бишкек шаарына учак аркылуу жеткирилди.
 
М.М. буга чейин да кармалган. 2024-жылдын 6-сентябрында ал Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында кармалган. Ал Интерпол аркылуу «ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзмөктөрдү мыйзамсыз алуу жана сактоо» боюнча издөөдө болгон.
 
Анда ИИМ тараткан маалыматта М.М. Мурсалым Умырзаковдун, «Карышкыр» деген каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Москва жана анын айланасындагы кыргыз жарандарынан ири өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө опузалап келген «кароолчу» экендиги айтылган.
 
Анын үстүнө, 2015-жылы да Москва шаарында опузалап акча талап кылуу боюнча кармалган. Бирок ал учурда М.М. Орусиянын жарандыгын алгандыктан, Кыргызстанга экстрадиция кылуу мүмкүн болгон эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз