Жалгыз бой эне каржы көйгөйлөрдөн улам баңгизат ташуу иштерине аралашып калган. Соттун чечими боюнча эмне белгилүү?
Иллюстрациялык сүрөт
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Майрам (аты өзгөртүлдү, К.М.К.) боюнча кылмыш ишин карады. Соттун токтомунда айтылгандай, жападан жалгыз баласын тарбиялап жаткан эне баңгизат таратканы үчүн айыпталуучулардын катарында болгон, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Ал эмнеге айыпталды?
2024-жылдын декабрында Майрам Telegram аркылуу «Амина» деген аккаунтка байланышкан. Ал ага баңгизат ташуучу болуп иштөөнү сунуштаган. Окуудан өткөн соң, айыпталуучу тапшырмаларды аткара баштаган: ал психотроптук зат салынган 15 брикет сакталган “кладдын” (катылган жердин) дарегин алган жана аларды Бишкек шаары боюнча белгилүү жерлерге "закладка" катары жашырышы керек болгон.
Исанов көчөсүндө аны милиция кызматкерлери кармашкан. Анын жанынан «Альфа-ПВП» баңгизаты салынган 12 брикет табылган. Майрамды жергиликтүү тургундар байкап, шектүү жүрүм-туруму үчүн милиция чакырышкан.
Айыпталуучу эмне дейт?
Майрам күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2024-жылдын декабрынын аягында ал жумуш издеп жатып, күнүгө 4000 сом табууга болот деген жарнаманы көргөн. Ал билдирүү жазган соң, ага баңгизаттарды даректер боюнча жеткирүү керектиги жана ар бир "закладка" үчүн 350 сом төлөнөрү айтылган.
Айыпталуучу ошол маалда акчага муктаж болгонун айтты: Майрам баласын жалгыз тарбиялап, батирде жашап, карыздары болгондуктан, мындай ишке барууга аргасыз болгон.
Анын айтымында, алгач ал стажировкадан өтүп, андан кийин гана баңгизат тарата баштаган. Экинчи күнү эле аны кармашкан. Тергөө учурунда ал тыюу салынган заттарды кайсы жерлерге жашырганын көрсөткөн.
Сотто айыпталуучу кылган ишине өкүнүп жатканын айтып, өзүнүн баласы бар экенин эске алып, жумшак жаза берүүнү суранган. Учурда баласы анын апасынын колунда экенин билдирген.
Акыры эмне болду?
Сот Майрамды Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары боюнча («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алдын ала сүйлөшүү менен адамдар тобу тарабынан, ири өлчөмдө») күнөөлүү деп таап, 8 жылга жалпы режимдеги түзөтүү колониясына эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.