Улуттук кураманын чабуулчусу Криштиану Роналдуга каршы ойнойт
Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэль ойногон клуб Азия чемпиондор лигасынын плей-офф баскычына чыкты, деп жазат "Спорт АКИпресс"
Кышкы трансфер мезгилинде кыргызстандык футболчу Самарканддын «Динамо» клубунан Тегерандын «Эстегляль» командасына өткөн.
3-февралда Кожо «Эстегляль» курамында Азия чемпиондор лигасында дебюттук оюнун өткөрүп, 4-мүнөттө эле гол киргизген.
18-февралда «Эстегляль» Катарда «Аль-Раян» клубун 2:0 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыгуу укугуна ээ болду. Бирок бул оюнда Кожо командасынын негизги курамына кирген эмес.
Турнирдин регламенти боюнча, 1/8 финалда «Эстегляль» Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубу менен ойнойт. Аталган клубдун катарында Испаниянын жана «Манчестер Ситинин» мурунку коргоочусу Аймерик Лапорт, Хорватиянын жана «Интердин» мурунку жарым коргоочусу Марцело Брозович, ошондой эле чабуулчулар Джон Дюран, Криштиану Роналду жана Садио Мане бар.
Бул стадиянын биринчи оюну 4-мартта Иранда өтөт, ал эми жооптук беттеш 11-мартта Сауд Арабиясында болот.
«Эстегляль» менен «Аль-Наср» буга чейин эле топтук этапта кезигип, 22-октябрдагы Ирандагы оюнда Роналдунун командасы 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Кожо Жоэль өз маектеринде Криштиану Роналдунун күйөрманы экенин бир нече жолу белгилеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.