Ташиев "Кадастр" мекемесинин Ысык-Көлдөгү башкармалыгынын башчысынын орун басарын текшерүүнү тапшырды
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл районундагы пансионаттардын жетекчилери менен болгон жыйында Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин Ысык-Көл башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурбек Сакыевдин ишмердүүлүгүн жергиликтүү УКМК башкармалыгына текшерүүнү тапшырды.
«Мен сизди карап эле шектенип жатам. Менин көзүм так, дароо байкайм. Эгер капа болбосоңуз, 25 жылдан бери ушул тармакта иштеп келаткан болсоңуз, ошол иштериңизди текшерели. Эгер мыйзам бузуу фактылары аныкталса, капа болбойсузбу? Өзүңүзгө ишенесизби?», – деди ал аткаминерге кайрылып.
«Кудай сактасын», – деп жооп берди орун басар.
«Анын бардык ишмердүүлүгүн текшериңиздер: кандай чечимдерди кабыл алган, кандай документтерге кол койгон, жер тилкелери мыйзамдуу бөлүнгөнбү же мыйзамсызбы – бардыгын карагыла. Өзүнчө доклад даярдагыла, анан мен чечим кабыл алам», – деп тапшырма берди Ташиев өзүнүн кызматкерине.
Ал белгилегендей, эң көп жер мыйзамдарын бузуу учурлары Ысык-Көл районунда катталууда.
Сакыев учурда жетекчинин орун басары болуп 1 жылдан бери иштеп жатканын, буга чейин Ысык-Көл кадастр башкармалыгында инспектор болуп эмгектенгенин билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.