"УКМКнын кызматкери Чолпон-Ата шаарынын айланасынан 27 гектар жер алган",- К. Ташиев
21-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев пансионат жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жыйында, жер мыйзамдары эң көп бузулган аймак — Ысык-Көл району экенин белгиледи, деп жазат "АКИпресс".
«Бул жакта иштеген кызматкерибиз, кийин Караколго которулган. Ал кайсы жакка барбасын кафе менен самсакана куруп жүргөн. Текшерүү жүргүзүлгөндө, Чолпон-Ата аймагынан 27 гектар жерди өзү үчүн алып койгону аныкталды», — деди ал.
УКМК төрагасынын айтымында, бул ишке байланыштуу документтерге кол койгондордун арасында жергиликтүү кадастр башкармалыгынын жетекчи орун басары болушу мүмкүн.
Ташиев айыл өкмөттөрдү мамлекетке кайтарылган жерлерди оңду-солду таратпоого чакырды. «Эгер жер таратылып жатса, ал максаттуу болушу керек. Тактап айтканда, жер өз багыты боюнча колдонулушу зарыл», — деп билдирди ал.
«Эгер туура эмес чечим кабыл алсаңар, бир күнү ал сөзсүз билинет. Мен эч кимди коркутуп жаткан жокмун. Тескерисинче, ак ниет иштөөгө кеңеш берип жатам. Эгер өткөндө ката кетирип койсоңор, УКМКга келип, күнөөнү моюнга алсаңар, жардам берем. Бирок тымпыйып отуруп, жер участокторун тарата берсеңер, аны бир күнү биз баары бир билип чыгабыз. Ошондуктан сак болгула», — деп кайрылды ал мамлекеттик кызматкерлерге.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.