УКМК чет өлкөлүк 59 студент И. Арабаев университетинде окуган эместигин, Кыргызстанда жашабагандыгын аныктады

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) кызматтык жасалмалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу 1-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Тергөөнүн версиясы боюнча, университеттин бир катар чет өлкөлүк студенттери Кыргызстанда факт жүзүндө болбой, окууга катышкан эмес. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүмү («Кызматтык жасалмалоо») боюнча катталган.
 
Жыйынтыгында 59 чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды:
 
30 - Өзбекстандын жараны;
 
20 - Казакстандын жараны;
 
9 - Орусиянын жараны.
 
Тергөө иштеринин алкагында университеттин окутуучуларынын жана кызматкерлеринин бул схемага тиешеси бар же жоктугу аныкталууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз