Эларалык медициналык университетте чет өлкөлүк студенттерге дипломдорду мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды
14-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, чет элдик студенттерге медициналык дипломдорду мыйзамсыз берүү схемасы аныкталды, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Тергөө версиясы боюнча, Эл аралык медициналык университеттин окутуучулары чет элдик жарандар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алардын Кыргызстанда чыныгы катышуусуз эле окуу жана баа ведомостторун акчага бурмалап беришкен.
Андан кийин, жалган окууну бүтүргөндөн соң, чет элдиктерге жогорку медициналык билими бар деген мыйзамсыз дипломдор берилген. УКМК белгилегендей, бул көрүнүш Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын эл аралык аренадагы аброюна шек келтирүүдө.
Тергөө алкагында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып жатат.
Буга чейин да ушундай эле фактылар боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен 59, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен 153, ал эми Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен 2710 чет элдик студент окуудан чыгарылган.
Юстиция министрлигинин маалыматтарына ылайык, аталган ЖОЖдун жетекчиси катары Елисей Син көрсөтүлгөн. Ал эми негиздөөчүлөр катары — Жумалиев Арстаналы Кубанычбекович жана Аманова Роза Асановна көрсөтүлгөн. Арстаналы Жумалиев — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиевдин уулу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.