Чүйдө 822 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды
Чүй облусунун Москва районунда 822 ГА жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сө зкызматы кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мурдараак маалымдалгандай, 2024-жылдын март айында УКМК тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылындагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «жер мафиясына» тиешелүү болгон 6 адам кармалган. Бул адамдар сот тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон.
Ошону менен бирге тергөө-ыкчам иш-чараларын уюштуруу учурунда, аталган кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Москва районунун аймагындагы 822 ГА жерди жашыруу жана мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.
Айрым айыл өкмөттөрүнүн аймагында мамлекеттик органдардын каттоосунан өтпөгөн жер үлүштөрү бар экендиги аныкталды.
Мында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери муниципалдык же мамлекеттик менчикке каттоого алып коюунун милдеттүү тартибин сактабастан, аталган жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйгап өтүү менен жеңилдетилген баада ижарага беришкен, жасалма ижара келишимин түзүү жолу менен аларды жеке кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Ошондой эле үлүштүк жерлерге мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары аныкталган, алардын менчик ээлери ар кандай себептер менен КР чегинен чыгып кеткен же каза болгон.
Бул боюнча, териштирилип жаткан иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын «Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын» Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык башкармалыгынын, райондук мамлекеттик администрациянын жана башка тиешелүү адистерди тартуу менен, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылындагы жерлерди инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, жер контуруна иш жүзүндө барып текшерүү иштерин жүргүзүү демилгеленген.
Жыйынтыгында КР УКМКнын демилгеси менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясы түзүлүп 822 ГА жер аянты мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 432,40 ГА сугат, 280,61 ГА кайрак,15 ГА көп жылдык өсүмдүктөр, 94 ГА чөп-чабынды үчүн жерлер.
Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик» тарабынан аталган жерлерди каттоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.