Кусалык (Аңгеме)
Түн. Тып-тынч. Анда-санда арсылдап үргөн иттердин үндөрү түн тынчтыгын бузгансыйт. Сокмо дубалдын түбүндө үч-төрт өспүрүм кызуу сөзгө киришкен.
-Мен, – деди Болот, – былтыры, “эртеге пахтага барасыңар”,-дегенде апамын жоолугун алып чыгып, эки учун желкеме байлап, эки учун белиме байлап туруп аткулак чөптөрдү терип машыканмын, – деди күлүп.
-Эй, Болот, эсиңдеби? Местныйлар келип тополоң кылганда, Шарип агай адам боюнан бийик дубалдан секирип өтүп, бардыгын өзү жалгыз кууганын?
-Ооба, эсимде.
-Шарип агай жаман кыйын экен, дубалга тийбей секирип өттү го ошондо, – деди мурдун шуу тарткан Сазибай.
-Эй, Сазибай, Салижан акең кочегар экен го. Бир жолу түнү отун сүдүрөп келе жатып, артын карай салса, отундун учу күйүп келайтыптыр дейт го, ушул чынбы?
-Ооба, чын, акем ошентип айткан. Эй, барсаңар көрөсүңөр, күнүгө танца болот. Алиги бизге келет го, 96-11 номерлүү Нооман аке, ошол кино коет.
“Тезирээк эле пахтага барсак экен”,-деп дегдеп, сүдүрөп келе жаткан отундун учундагы отту эстегенде, үрпөйө түшүп, төбө чачым тик тургандай болду. Кызыгуум отту басып, тез эле барсак деп самап, көргүм келип турду.
Биз күткөн күн да келди. Айылыбыз шаңга бөлөнүп, бир заматта шаарга айланып, центр ЛАЗ автобустарга толуп, ГАИнин микрофондо сөзү бир башкача жаңырып турду. Толкунданып турдум.
Төшөнчүлөрдү алып, автобустан орун алдык. Классташтарымдын жүздөрүндө жылмаюу. Эки жакты кызыга карайбыз. Каз катар тизилген автобустар ордунан жылып жөнөп кеттик. “Кыз жүрөгү – ыр түнөгү” дейби, биринчи ход ырдашып, андан кийин микрофонго барып бирден ырдай башташты. Жагымдуу ыр автобуска батпай көчөдөгү адамдар да токтой калып, суктанышкандай. Бүт аалам угуп жаткандай сезилип, денем дүркүрөп турду. Келгенибизге он күндөй болуп калды. Жогорку класстын балдары-кыздары, агайлар жаш дегендей аяр мамиле кылышат. Тамакты биринчи бизге беришет. Эртең мененки чайдан кийин, “класс-класс болуп катарга тургула чогулуш болот”,-деген тааныш, Турдубек агайдын үнү угулду. Бардыгыз катарга турдук. Ортого директорбуз Суранбай агай чыгып,
-Балдар, бүгүндөн баштап теримди катырбасак болбойт. Бизге койгон план аткарылбай жатат. Жок дегенде жеген тамагыбызды актап жейли. – Чымын учса угулчудай жымжырттык болуп турду. – Үйүбүздө да эки маал тамак ичпейбиз. Же туура эмес айтып жатамбы? Давайте, бүгүндөн баштап катыралы. Эмесе жөнөгүлө!
Бир заматта уу-дуу болуп топурап, аңызды көздөй жөнөдүк. Бут астынан көтөрүлгөн чаң билинер-билинбес боз тартып өз желесин тартып турду. Чоң жолго чыгып түндүккө бурулганда бет маңдайда маңкайып шыйпаң турат. Эки бет тигилген тыттардын ортосунан чаңдуу жол шыйпаңга барып такалат экен. Жөөктөргө катар түшүп, кардай аппак буланы алганда куурайын деген чанактар агыш тарта калып, этек жеңге тийген козолор чайпалып, көгуш жашыл учтары кызгылт тарткан жалбырактар кыймылга келип, ачыла элек косектер коңгуроодой кыймылдап, алсыз гана шуудурашат.
-Балдар тазараак тергиле,-деген өктөм үн угулду. Кылчайып карай берген балдарга арыктын кырында узун бойлуу кишини көрүштү.
-Ким бул?,-деди Тойчу Арстанга карай.
-Бригат, атым Чекир дедиби же Азиз дедиби же фамилиясы Азизовбу билбейм. Барып Чекир аке десең билинет да.
-Хи-хи...
Күлкүгө чакаган балдар андан ары жөнөштү. Жаткан жерибизди дарыкана дешет. Бышкан кыштан салынган үстү ачыктыгынанбы каршы терши коюлган устундары жапкан шиферлери дайым көрүнүп турат. Тактадан жасалган эки ачылмалуу каалгалары бар. Машина кирип дары үрөндөрдү төгүп, жүктөй турган кампа экен. Бул жерде кыздар жатат. Ортодон бөлүнгөн жагында балдар жатабыз. Бел курчоодон келген бийиктикте тактайдан эки бет секиче жасалган. Ортолук баш аяк узунунан келген коридорчобуз.
-Бас! Баса берсеңер,-деп тартынбаган, дайыма жайдары жүргөн Рапия артынан арык чырай, ак жүздүү, кырдач мурун, өзүнө жарашыктуу кызыл шым, мүчөсүнө кынала тигилген майда гүлдүү чыт көйнөк кийген Жанар артынан жоон топ кыздар киришти. Бир заматта жатаканабыз жарык боло түшкөндөй, шаңга бөлөнүп, не бир сонун талаа гүлдөрдүн жыты аңкый түшкөндөй болду.
-Кубаныч, Жамбы эмне турасыңар? Оюнду баштабайсыңарбы!, - Оңтойсуздана түшкөн Кубаныч:
-Азыр ыр силерден болсун, бул жагы бизден, кана балдар... - Өзүнө жарашып турган саргыч чачын оңго серпе кол чаап киришти. Бир заматта жатаканабыз ырга толуп, муңдуу да, зарлангандай да сезилгилен “Катюша” жаңырып, ортолукта оңго-солго буттарын сермей, бир кыз, бир бала болуп, бийлеп киришти.
Жанар бүгүн өзгөчө сулуу эле. Кийими да куп жарашып, кыздардан маралдай бөлүнүп турду. Кубаныч канчалык карабайын десе да болбой, көздөрү көздөрүнө чагылыша түшүп жатты.
Бул эмне, сүйүүбү? Эмнеге жүрөгү лакылдайт? Ак саргыл жүзүнө билинээр билинбес кан тээп чыкты. Ушунча баладан коркпогон, жалтанбаган жигит ушул назик кыздын алдында алсыз болуп турду. Коңур, уккулуктуу үн менен “Сүрөтүңө” деген ырды ырдай баштады. Балдардын бийик чыккан доошу кыздардын назик үндөрү кошулуп, жүрөктүн кылдарын титиреткен ыр жатаканага батпай, чоң эшиктен чыгып, айланага жаңырып турду. Өткүр жигиттерден барып кетенчиктеген кыздардын колдорунан тартып, вальс бийин жай гана каалгый бийлеп жатышты. Ырдын бүтүшүн күтүп турушканбы, Мити, Турдубек агайлар киришти.
-Балдар, оюнду токтотолу! Саат 7де турасыңар. Кыйналып каласыңар.
-Агай, дагы аз-маз ойнойлу.
-Жок, “Оюндун азы жакшы, ойногонго дагы жакшы”,-дейт. Бүттү.
Баардыгы эшикти көздөй агылды. Караңгылыктан каналдын боюна барган балдар өз ара божурашып, ким-кимди тартканын, вальска түшкөнүн, мактаныч кылып айтып жатышты.
-Ох-у, колдору жумшак, бети аппак, булочка экен... – Гиш, короче, Салайидин Болотко карап мулуңдап, белинен коомай кармаган алакандары нымшып, кыздан башкача аромат жыт келип, ошол сезимдерден бошоно албай турду.
Кубаныч ойлуу жатты. Көз алдына Жанардын элеси тартылып, кебездей жумшак аппак бетине жоодураган кара көздөрү кырдач мурду, кызгылтым тарткан жука эриндери, саамай чачтары бири-бирин толуктап тургандай туюлуп, ойдолоктоп, уктай албай жатты.
Ар жерден коңуруктар чыгып, түн өз өкүмүн жүргүзүп жатты. Коюуланган көздөрү уйкунун кучагына кандай тартылганын билбей да калды.
Түнү менен жааган жамгыр эрте менен токтоду.
-Теримге чыкканга болбойт. Агаттар ылай. Мына, ишенбейсиңер, кечээ Көкөн болуп баканы бутунан байлап, сууга тийээр-тийбес кылып асып койгонбуз. Көрдүңөрбү?
Жааган жамгырга өзүнүн да тиешеси бар экенин далилдей, шашкалактап сүйлөгөн Орозбектин оозун тиктеп турдук.
-Эй, балдар, зээригип кеттик! Дүкөнгө чыгып келбейлиби!
Сурандын сөзү баарыбызга жага берди окшойт, ордубуздан копшолдук. Күн бүркөө. Айлана боз чалып, аба мээлүүн тартып турду. Чакан дүкөндүн ичи түркүн-түстүү конфеттер, буруксуган таттуу токочтор, катар тизилген лимонаттарга толтура экен. Лимонат, токочтордон алып, кертим тиштеп, көлчүктөрдү кечип, дүйнө капар келаттык. Алтынга алмаштыргыс балалыктын акыркы серпими экенин качандыр бир учурда ушул күндөрдү эстеп, балалык, окуучулук күндөргө кайтып, бара албастыгымды кеч түшүнгөндө жүрөгүм сыздаарын, кетирген катаачылыгыма бетим кызарып, ар бир классташ кыздар-балдардын күлкүлөрү кулагыма жаңырып, өндөрү өмүр бою карегимде калаарын ошондо элес албаптырмын. Ар бири мен үчүн кымбат экенин кеч түшүндүм.
Кире берип, бир бетке тартылган сүрөттү көрдүк. Биздин солдаттар мотоциклчен немецтердин элестери түшүрүлгөн картина турду алдыбызда. Не деген ажайып дүйнө. Алды ачылган шнелдин түймөсүнөн бери азыр ушул жерге секирип түшчүдөй болгон солдаттын элесине талып катып турдук. “Арабыздан ушундай тарткан адам барбы?”,-деген суроо турду ар бирибизде.
Ары жактан: “Рашит тартты”,-деди сурабасак да. Кол жазмасынын сулуулугу, ички дүйнөсүнүн бай экендиги, ар бир сызыгына койгон чекитинен көрүнүп турду.
Ар нерсенин баш-аягы болгондой эле, биздин да сапарыбыз карып кетчү күн да келди. Төшөнчүлөрдү жыйнап, даярдана баштадык.
-Эй, балдар, карасаңар! 10-класстын кыздары ыйлап жатышат. – Эмнегедир кыштары алынган ортолукта оюк жер болчу.
-Эмнеге ыйлашат экен? Эртеге эле чогуу окушат го, - деп элейип тиктеп турдук. Бул күндөр кайталангыс экенин кайдан билдик? Кайталанса да башкача болоорун курбу балдар менен экинчи пахтага келбестерин боор эттери менен сезишкенби, табигатынан сезимтал, боорукер, назик жандар эмеспи. Бири-бири менен кучакташып, жаштыгынын бир үзүмүн калтырышып, ошол күндөрү менен коштошуу экенин биз кайдан билдик. Ичинде курбуларын тиктеп, алкымы буулуп, көзүнө жаш толуп турганда “Жанар”,-деген үндөн селт этип, кирпигин ирмегенде туп-тунук бетинен ылдый карай жаш агылып кетти, жылтыраган из калтырып...
Андан бери күндөр айга, айлар жылга тогоошуп, несен мезгилдер өттү. Бүгүн эң кичүү уулунун үйлөнүү тою. Баш-аяк кызыл килем төшөлгөн заңгыраган чоң зал. Жоон, төрт бурчтуу түркүктөрүнө жылтыраган мрамор, жарымынан жогору күзгүлөр жабыштырылган. Бийик шыптарынын оюктарынан ак-саргыл шоолалар чыгып, ортолукта кучак жеткич люстралар ичинде ондогон шамдар жанып, калың салаңдаган айнекчелери каухардай жылдырап, кулпуруп турду.
Эки жашка каалоолор, тилектер айтылып, эми кечек бийге берилди. Зүңгүрөгөн музыка башталганда шамдар өчүп, эки башындагы майда шамдар жанып, айланма кызыл, көк, жашыл шарикче шамдар музыканын ыргагына жараша айланып, тийген жерлерирн түркүн түскө боеп жатты.
Жанар ойлуу отурду. Бийге түшкөн жаштардын кыймылы кийимдерин тескери кийип алса да жарашаарын, жаштыктын өзгөчө касиети бар экенин туюмунда сезди. “Ушул заман балдарга насип кылсын. Бактылуу болушсун”,-деп күбүрөнүп олтурду.
Тээ алыста калган өзүнүн жаштыгы кечээ эле болгондой көз алдынан чубуруп өттү. Мейкин талаадагы тегиз ачылган кардай аппак пахталар, шоңкойгон шыйпаң, катар тигилген тыт көчөттөр, чаңдуу жол, канал боюндагы 5-6 түп талдар, майда шактары жалбырактарын көтөрө албай ийилгендей, таазим кылгандай, “силердин жаштыгыңарга биз күбөбүз”,-дегендей карт дарактар турду көз алдында.
“Дарыкана” деген жатаканасы жылуу дагы, ысык дагы көрүндү. Жаштыгынын бир шагы топураган издери калган ошол жерди ушул хан сарайга алмашпас эле. Алкымы буулуп, көздөрү ысып чыккандай болду. Көзүн ирмегенде тоголок жаштар бырыш баса баштаган жүзүнөн ылдый карай агып кетти. Жашыл тоголокчо шам жүзүн жалмап өткөндө, бир саамга жылтыраган из көрүнө түшүп жок болду...
Жусупбек Калбаев,
Кара-Суу району, Папан айылы
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.