Ошто жаштар жаңы медиа тармагында окуулардан өтүштү

18-февраль күнү Ош шаарында «Ойлон/Ойгон» жаштар медиахабы долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, жетишкендиктери жана келечеги талкууланган отчеттук иш-чарасын өткөрүлдү.Бул тууралуу аталган  долбоордун өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ош шаарынын тышкы байланыштар, инвестиция, туризм бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү жана долбоордун өнөктөштөрү катышышты.

Долбоор жаштарга заманбап медиа көндүмдөрүн үйрөтүп, алардын чыгармачылык жана санариптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.Катышуучулар графикалык дизайн, 3D-графика, видеомонтаж, сүйлөө чеберчилиги жана башка пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнүштү. Ош шаарында жаштарга жогорудагы окууларды өткөрүү үчүн ачылган алгачкы медиахаб - «Ойлон/Ойгон» түзүлдү.

«Долбоор жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө жардам берип,технологияларды пайдаланып, коомго оң өзгөрүүлөрдү алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бере алды. Мындан ары Ош шаарындагы дилгир жаштарга багыт берген жана аларды окутууга ачык медиа мектепти түзө алдык», – деди демилгенин жетекчиси Бекзат Бахрамов.

Бул демилге «Активдүү волонтерлор» коомдук фонду тарабынан«Энактас Кыргызстан» уюмунун колдоосу жана Европа Биримдигинин каржылоосу менен «Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. 


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз