Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тартиптик жоопкерчиликке тартылды
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча туура эмес отчетторду бергендиги үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов билдиргенин "Билим АКИпресс" басылмасы жазды.
Анын айтымында, иш сапар 2024-жылдын 18-24-май күндөрү болгон.
«Иш сапардын максаты – окуу китептери үчүн 400 миң доллар бөлдүрүү жана министрликтин кошумча каржылоосун камсыздоо болгон. Бирок отчетторду талдоо бул максаттар ишке ашпай калганын көрсөттү», – деди ал.
Мындан тышкары, министр башка өлкөлөрдүн министрлери жана студенттери менен жолугушууларды өткөргөнү менен, алар да жыйынтык берген эмес.
Азамат Осмоновдун айтымында, 2024-жылдын 14-майында министр иш сапарга билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаеваны кошууну суранган.
«Анын англис тилин билгендиги жана “Алтын казык” программасын тааныштыра алары айтылган. Бирок ал Кыргызстандын делегациясынын курамында болгон эмес, ошондой эле пландалган презентация тууралуу маалымат туура эмес болуп чыккан. Ошондуктан, Самыкбаеванын өтүнүчү канааттандырылган эмес», – деп билдирди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.