Министрдин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиев эмгек жамаатка тааныштырылды
Бүгүн, 22-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Мирбек Кемелович Мамбеталиев аппараттын эмгек жамаатына жана министрликке караштуу мекемелердин жетекчилигине тааныштырылды.
Аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырып, алдыда ишке ашыра турган милдеттер турганын белгилеп, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.
Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Буга чейин Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеген. Мындан тышкары, Кыргызпатентте коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.
Аталган кызматта буга чейин Алтынбек Максутов министр болуп иштеп турган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.