Бекболот Арзибаев: "Оштун заманбап борбордук базарын мэрия өзү курушу керек"

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев Ош шаарынын жаңы борбордук базары боюнча пикирин билдирди. Өзүнүн фейсбук баракчасында жазгандай, жаңы курулган базардын шарты начар болуп, соодагерлерге ыңгайсыздыктар жаралган. Мындан улам мэрия заманбап базарды өзү курушу керек.

Төмөндө Арзибаевдин пикирин өзгөртүүсүз жарыялайбыз.
 
«Урматтуу Ош шаарынын тургундары, санаалаш достор! Көптөн бери коомчулукта талкуу болуп жаткан Оштогу жаңы борбордук базар кандай курулуп, кандай базар болушу керек экени жөнүндө өз ой-пикирим менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы Ак-Буура дарыясынан суу ашып, базарды сел каптаган. Жүздөгөн соодагерлер жабыркаган жана киши өлүмү дагы катталган эле. Ошол убакта мэр Бакытбек Жетигенов тез арада базарды жылдыруу керектигин билдирген. 2024-жылы август айында борбордук базарды жылдырууга 7-8 гектарга жакын жерге өкмөт тарабынан тез аранын ичинде бөлүнүп берилип, «2-3 айдын ичинде жаңы базарды куруп бүтүрүп, эски базарды толугу менен көчүрүп чыгаргыла» деген тапшырма берилген. Мен ошол убактагы Ош шаарынын мэри Бакытбек Жеңишбековичке өзүмдүн сунушумду берген элем. Мен 2-3 айдын ичинде борбордук базардын баарын толук көчүрүп чыгууга мүмкүн эмес, 2-3 ай убакыт аябай эле аздык кылат деп айтканмын. Бакытбек Жеңишбекович,  «жогору жактан селден жапа чеккен карпайым соодагерлерге тез аранын ичинде жардам берип, көчүрүп чыгаргыла» деген тапшырма коюлду, ошол себептен бизде убакыт аябай аз болуп калгандыктан, ушундай базар куруп беребиз деген чечим кабыл алдык» деп маалымат берген. Бирок ошол убакта мындан башка чечим кабыл алууга дагы мүмкүн эмес эле. Себеби, суу ташкынынан кийин борбордук базарда соода кылуу аябай чоң коркунучтарды жаратып калган болчу.
 
Менин ошол убакта берген сунушум мындай болчу. Азыркы борбордук базарды төрт беш багыт менен бардык заман талабына ылайыктуу кылып, 4-5 кабатуу, 15-20 миң орундуу Ош шаарындагы эң чоң муниципалдык базар кылып салышыбыз керек деп өзүмдүн сунушумду берген элем. 
 
Жердин астына эки кабаттуу унаа токтотуу жайын салышыбыз керек, элибизге бардык заман талабына ылайыктуу 4-5 кабаттуу базар салып берсек болот, ыссыкта салкын, суукта жылуу бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берип койсок болот. Азыркы базар баасындагы 10-15 чарчы метр соода жайдын ижара акысы 30-40 миң сомдун тегерегинде экен. Бирок ал соода жайдын жери эч кандай ыңгайлуу шарты жок, ысыкта ысык, суукта суук болуп, эч кандай өрт коопсуздугуна дагы жооп бербейт. Карапайым эл «кудай сактасын» деп эле күнүмдүк соода сатыгы менен алектенип келе жатат деп сунуштарымды берген элем. Эң өкүнүчтүүсү эч кандай шарты жок болгон базарларга деле жер салыгын, патентин төлөп соода сатыгын кылып келишкен. Тилеке каршы азыркы жаңы салынган борбордук базар эч кандай талаптарга жооп бербейт өзүңүздөр көрдүңүздөр. Кандай сапатсыз салынып бүткөнүн баарыңар көрдүңөр. Кудай эле сактасын, эч кандай өрт коопсуздугу сакталган эмес.
 
Достор, эми менин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Шермаматовичке берген сунушум мындай: эгерде Ош шаардык мэриясы өзүнүн жеке акча каражатына 15-20 миң орундуу бардык заман талабына ылайыктуу борбордук базарды өзүнүн акча каражатына куруп, ижарага бериши керек деп эсептейм. Жердин астына эки кабаттуу заманбап унаа токтотуу жайы менен үстүнө 4-5 кабаттуу кылып, ар бир соода түйүнүн ордун 20-25 чарчы метр кылып элге дагы кенен ыңгайлуу шарттарды түзүп берип койсок болот. Өзүңүздөр эсептеп көрүңүздөр, достор. 
 
Жалпы Ош шаардык мэриясы үчүн 15-20 миң орундуу заманбап кенен муниципалдык базарды куруп берүү көп деле кыйынчылыктарды жаратпайт деп эсептейм. 20 миң орундуу заманбап ар бир соода түйүнүн ай сайын 30-40 миң сомдон ижарага берсек, бир жылда эле Ош шаарынын мэриясынын казынасына 10 млрд сомго жакын акча каражатын түшүрсө болот. Эч кандай маселе жаратпайт. Бирок бул акча каражатын түшүрүү үчүн бул жумуштун башында жаңы борбордук базардын курулуш иштерине 600-700 млн сомдой акча каражаты керектелет. Бул акча каражаты бир аз көп болушу мүмкүн бирок 1-2 жылдын ичинде эле 10-15 эселеп кайтарып алууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Жакшы аракет кылып эле жумуш алып барса 7-8 миң орундуу базарды бир жылдын ичинде эле курулуш иштерин бүтүрүп пайдаланууга берип койсо болот. 
 
Экинчи этабын экинчи жылы деле баштаса болот, жалпы эки этап менен эле бардык заман талабына ылайыктуу борбордук базарды Ош шаардык мэриясы өзүнүн күчү менен эле салып берсе болот. Бир аз чыгымына чыдап койсок эле калган кирешени ар жыл сайын эч ким менен бөлүшпөй баарын шаардык казынага, бюджетке түшүп турса жакшы болот эле деген ойду айткым келип жатат.
 
Азыркы учурда Ош шаарыбыздын казынасы болгону 3,5 млрд сом. Менин көз карашымда бул аябай эле аз деп эсептейм. Жеке менин максатым Ош шаарыбыздын казынасын тез аранын ичинде толтурууга ар кандай жаңы, жолдорун издеп өзүмдүн ой пикиримди айтып аз болсо дагы кыргыз элим үчүн ак кызматымды кылып жардам берүү гана башка эч кандай жеке кызыкчылыктар жок. Жакшылып ойлонуп көрүп бардык шарты менен заманбап борбордук базарды элге салып берип, ижара акысынан түшкөн каражат менен шаарыбыздын казынасын көбөйтүүгө эң чоң мүмкүнчүлүк болот эле деп эсептейт элем. Себеби, буга чейин жеке базарлардан түшкөн акча каражаттарынын көпчүлүк бөлүгү жеке базардын кожоюндарынын чөнтөгүнө кетип турган да. Азыр бизде ошол жеке кожоюндарга кетип жаткан акча каражаттардын баарын толугу менен Ош шаарыбызыдын казынасына бюджетине гана түшүргөнгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
 
Акыркы маалыматтар боюнча азыркы борбордук базарды куруп берүүгө 4-5 эле кишилер өз ара бөлүп алып карапайым элге ыңгайлуу шарт түзүп берип жатабыз деген шылтоо менен өздөрүнүн сапатсыз курулган соода орундарын 12-15 миң долларга чейин сатып жатышат деген маалыматтар да айтылууда. Бул боюнча биздин Ош шаардык мэриясынын тиешелүү жетекчилери, күч органдары дыкат иликтеп карапайым элден мыйзамсыз акча жыйнап алуусуна жол берилбеши керек деп эсептеймин.
 
Буга чейин соц тармактарга чыккан маалыматтар боюнча Ош шаардык мэриясынын муниципалдык кызмат жетекчилери жеке базардын курулуштарын каржылап базар салышты деген маалыматтар чыккан эле. Ошол маалыматтарды биздин күч органдары дыкат иликтеп тиешелүү иш чараларын жүргүзүшү зарыл. Бул борбордук базардын айланасынан элге жардам беримиш болуп акча жасайм деген эргулдардын аттарын тактап айтып баарын ачыктап турабыз достор. Элдин жон терисин сыйрып баюуга эч кимге жол берилбеши керек»,- деген ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз