Салык кызматы Кыргызстанда блогерлер канча салык төлөрүн билдирди

Кыргызстанда блогерлер Креативдүү индустриялар паркына резидент болуп кире алышат жана атайын же жалпы салыктык режимди тандап алуусу мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирүү таратты, деп жазат "Tazabeк" басылмасы.
 
Креативдүү индустриялар паркына резидент болгон блогерлер жалпы салыктык режимди тандаса, жалданма кызматкерлеринин кирешесинен төлөнүүчү киреше салыгынын өлчөмү 5% болот. Ал эми бул парктын резиденти эмес ишкерлер 10% төлөшөт. Мындан тышкары, алар өздөрү үчүн 15 жылдык мөөнөткө камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотулат.
 
Эгерде блогерлер атайын салыктык режимди, башкача айтканда, бирдиктүү салык негизиндеги жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасын тандаса, анда 2027-жылга чейин түшкөн кирешесинин 1% өлчөмүндө салык төлөшөт. 2027-жылдан тарта бул көрсөткүч 2% болот. Ошондой эле алар жалданма кызматкерлеринин кирешесинен 5% киреше салыгын төлөшөт жана жалпы салыктык режимдегидей эле, 15 жыл бою камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотулат.
 
«Бул абдан ыңгайлуу шарттар. Биз жарандарга салык маданиятын үйрөтүп, ар бир адам өз айылы, шаары, мамлекетинин өнүгүүсүнө жоопкер экенин түшүнүшү керек. Ошондуктан, бирөөнү толугу менен салыктан бошотуу туура эмес саясат. Мына ушул үчүн салыктык жөнгө салуу иштелип чыккан», – деди Салык кызматынын башчысы.
 
Анын айтымында, блогерлик – жаңыдан өсүп-өнүгүп келе жаткан тармак жана Кыргызстанда бул тармакка ашыкча салык жүгүн жүктөбөө керек.
 
Кыргызстандагы блогерлер рыногу Россия же Казакстанга салыштырмалуу кыйла кичинекей.
 
Казакстанда Мамлекеттик кирешелер комитети 594 блогерге 53,3 миллиард теңгеге (10 миллиард сомдон ашык) жеткен салыктык карызы тууралуу билдирүү жөнөткөн.
 
Россияда болсо блогерлердин салык маселелерине байланышкан акыркы окуялардын бири – «Каалоолор марафону» долбоорунун автору Елена Блиновскаяга прокурор 6 жылдык мөөнөт сурады. Ошондой эле миллиондогон салык карызы үчүн айыпталган блогерлер Валерия жана Артем Чекаленко үй камагында калтырылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз