Жаштар курамасынын Азия Кубогундагы ийгиликсиз оюндарынан кийин башкы машыктыруучу кызматтан кетти

Сергей Пучков
Бүгүн, 21-февраль күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде техникалык комитеттин жыйыны орун алып, анда Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Сергий Пучковдун команданын Азия Кубогундагы болгон оюну боюнча отчетту угулду. 
 
Жыйынга комитеттин мүчөлөрүнөн сырткары өспүрүм, жаштар жана улуттук курамалардын машыктыруучулары катышты. 
 
Дастан Конокбаев төрөгалык кылган техникалык комитет, адистин отчетун угуп, башкы машыктыруучу менен эмгек келишимин токтотуу маселесин аткаруучу комитеттин кароосуна жөнөттү. Ал эми онлайн форматта өткөрүлгөн аткаруучу комитетинин отурумунда Азия Кубогундагы начар жыйынтыкты эске алуу менен кабыл алынган чечимге ылайык, Сергий Пучков өз кызматынан бошотулду. Башкы машыктыруучу менен бирге машыктыруучулук штабы дагы кызматынан бошотулду.
 
Бул адис жаштар курамасынын машыктыруучуусу болуп өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз