Ошто милиция кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча студенттер арасында волейбол мелдешин уюштурду
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү кылмыштуулуктун алуу боюнча студенттер арасында волейбол мелдешин уюштурду. Бул тууралуу аталган милиция бөлүмдөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн тейлеген аймагындагы айрым окуу жайларда окуган студенттер арасында спорттун волейбол түрү боюнча иш-чара өткөрүштү.
«Иш-чаранын негизги максаты - кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларды болтурбоо, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Аталган профилактикалык иш-чарасы мындан кийин да улантылат»,- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.