Прокуратура Спорт башкармалыгында мыйзам бузууларды аныктады: келтирилген зыян 27 миллион сомдон ашты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы Башкы прокуратурага шилтеме берүү менен.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Президенттик фонддон бөлүнгөн 300 000 000 сомду пайдалануунун мыйзамдуулугу текшерилген.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында министрлик тарабынан 7,6 млн сом максатсыз сарпталгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан көзөмөлсүз 6,2 млн сомго спорттук инвентарь кымбат баада сатып алынганы, ал эми «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдыктар негизсиз жок кылынганы аныкталды. Натыйжада мамлекетке 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилген.
 
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде көрсөтүлгөн коррупция белгилери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз