Алай районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси жана имараттар мамлекетке кайтарылды
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында мурда автобазага тиешелүү болгон административдик блоктор жана жалпы аянты 36,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
УКМКнын маалыматына ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө Гүлчө айылынын тургуну административдик имараттарга жана жер тилкесине жеке менчик укугун берүүчү мамлекеттик актыларды мыйзамсыз негизде алганы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси жана административдик блоктор өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен жеке тарапка сатылып өткөнү белгилүү болду.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында жер тилкеси жана имараттар ыктыярдуу негизде мамлекеттин менчигине кайтарылып, Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.