УКМК Бишкектеги бир катар мончолордун ээлерин кармады. Алар сойкуканаларды уюштурууга айыпталууда

УКМК кызматкерлери интим кызматтарды жана притонду уюштуруучуларды массалык түрдө кармоо боюнча операция жүргүзүштү, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Комитеттен белгилешкендей, мындан ары сойкулук уюштурууга шарт түзгөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана көңүл ачуучу жайлардын ээлери жоопкерчиликке тартылат.
 
УКМКнын маалыматына ылайык, укук коргоо органдарынын сойкулукка каршы системалуу күрөшү коомдо анын көрүнүштөрүн минималдаштырды. Бирок, алардын ишмердүүлүгү сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана айрым көңүл ачуучу жайлардын ээлеринин катышуусу жана көмөгү менен улантылып келген.
 
Ошентип, 21-июнда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарындагы мурда аныкталган сауналарда, конок үйлөрүндө жана жеке батирлерде кең масштабдуу тергөө иш-чаралары өткөрүлдү. Натыйжада 50дөн ашуун интим кызмат көрсөткөн кыздар кармалды.
 
Сурак учурунда кармалган кыздардын баары интим кызматтарды жана притон уюштуруучуларды ачыкка чыгарган көрсөтмө беришти.
 
Натыйжада интим кызматтарды жана притон уюштуруучулар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды:
 
Кыргыз Республикасынын жараны «К.А.А.», 1987-жылы туулган — социалдык тармактар аркылуу элиталык интим кызматтардын тармагын уюштуруучу;
 
Кыргыз Республикасынын жараны «М.Э.М.», 1975-жылы туулган — «Инь Янь», «Банный двор», «Кристалл» сауналарынын жана «Рандеву» конок үйүнүн ээси;
 
Кыргыз Республикасынын жараны «П.Л.Е.», 1995-жылы туулган — «Инь Янь» саунасынын администратору;
 
Чет өлкөнүн жараны «К.Н.В.», 1990-жылы туулган — Guest House саунасынын администратору.
 
Интим кызмат көрсөткөн кармалган кыздарга административдик айып салынып, алар борбордун ШИИБинин тиешелүү каттоо китебине киргизилди.
 
УКМКдан белгилешкендей, эми Бишкек шаарында интим кызматтарды жана притондорду уюштуруучулардын ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган кең масштабдуу иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлөт. Сойкулук уюштурууга шарт түзүп, көмөк көрсөткөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана көңүл ачуучу жайлардын ээлери кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз