Ысык-Көлдө «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөлөрүнө карата тинтүү иштери жүргүзүлдү
УКМКнын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 22-августунда Ысык-Көл облусунда экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алуу максатында атайын операция өткөрүлдү.
«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишинин алкагында («КР КЖКнын 331-беренеси — экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо»), аталган уюмдун «Каракол» жана «Түп» бөлүмчөлөрүнө таандык 8 жаран – «И.А.А.», «М.М.С.», «А.Р.Р.», «А.Р.А.», «А.Н.Б.», «К.А.К.», «Б.З.С.», «А.М.Т.» жашаган даректеринде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Натыйжада ар түрдүү диний адабияттар жана социалдык тармактар аркылуу радикалдык идеологияны жайылтууда колдонулган уюлдук телефондор табылып, алынган. Алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, уюмдун башка катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.