Чек ара кызматкерлери УКТнын мүчөлөрүнө жарылуучу заттарды сатууга аракет кылган
УКМКнын кызматкерлери курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты.
Тактап айтканда, мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д., ошондой эле учурда иштеп жаткан жана мурда чек ара кызматында иштеген Э.К.К. менен А.у.Н. аттуу кызматкерлер кармалды. Алар кылмыштуу келишим түзүп, РГД-5 үлгүсүндөгү согуш гранаттарынын ири партиясын сатууну пландашкан.
«УКТнын мүчөлөрү чек ара кызматынын кызматкерлери менен кылмыштуу келишимге келип, Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосунда болгон куралдуу жаңжал учурунда РГД-5 гранаттарын колдонгон сыяктуу шылтоо менен аларга ишенимдүү тапшырылган мүлктү уурдап, аны кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө өткөрүп беришкен. Кармалган ар бир адам кылмыштагы өзүнүн ролун так аткарган: бирөө кардарларды издөөгө, экинчиси куралды ташуу үчүн автотранспорт каражаттарын жана жашырынуу менен коопсуз жүрүү максатында атайын аскердик кийимдерди даярдоого жооптуу болгон ж.б.» — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 даана РГД-5 гранатасы, ок атуучу куралдын кыскартылган көчүрмөсү (обрез), 7,62 мм жана 5,45 мм калибрдеги ок-дарылар алынды. Кылмыш ишинин алкагында жалпысынан 9 шектүү адам кармалып, СИЗО-21ге камакка алынды.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.