Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектепти жана Кыргызстан боюнча дагы 100 социалдык объектти ачты
29-августта Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатын жана өлкө боюнча дагы 100 социалдык объектти онлайн форматта пайдаланууга берди.
Мектеп 1963-жылы ачылган. 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жаңы окуу корпусу жана жатакана курула баштап, толук реконструкциядан өткөрүлгөн. Эми заманбап шарттагы мектеп-интернат 700 окуучуга билим берип, 500 балага жатакана сунуштай алат.
Ачылыш аземине Советтер Союзунун Баатыры, биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова видео-байланыш аркылуу катышып, реконструкцияга ыраазычылык билдирди жана окуучуларга ийгиликтерди каалады. Россиядан Игорь Маслов, элчи Сергей Вакунов жана Мамдуманын депутаты Николай Валуев баштаган делегация да келди.
Садыр Жапаров өз сөзүндө мектептин тарыхый маанисине токтолуп, анын миңдеген бүтүрүүчүлөрдү тарбиялап чыгарганын белгиледи. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Баатыры Камчыбек Ташиев да бар. Президент билим берүү тармагындагы реформаларды белгилеп, 12 жылдык система, жаңы окуу китептери жана мугалимдерди даярдоо боюнча маалымат берди.
Ошондой эле Жапаров мугалимдердин эмгегине басым жасап, аларды коомдон бир кадам алдыда болууга чакырды. Быйыл мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөрүн да билдирди.
Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата пайдаланууга берилген 100 социалдык объекттин ичинде 57 мектеп жана кошумча корпустар, 17 бала бакча, 9 спорт зал жана 11 медициналык мекеме бар.
Расмий бөлүктөн кийин Президент Россиядан келген коноктор менен мектептин жана жатакананын имараттарын көрүп чыкты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.