Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 26-28-февралдарда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана  тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болушу мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши божомлдонууда. 
 
Абанын температурасы кескин төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°суктан…+3° жылуулукка чейин, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -3…-8° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.
 
"Мындай аба ырайы унаа жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат",- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз