УКМК Кара-Суудагы "Авангард" жана "Касиет" медициналык борборлорунун жерин мамлекетке кайтарды
Ош облусунда жайгашкан «Касиет» жана «Авангард» медициналык борборлорунун жер тилкелери мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу 5-сентябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелеринин мамлекеттик менчиктен чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин фигуранты Г.А.Н. жана анын жакындарынын мүлкү текшерилген. Натыйжада, анын атында аталган медициналык объектилер катталгандыгы, ал эми жер тилкелери 2005–2007-жылдары мыйзамсыз сот чечимдеринин жана жасалма документтердин негизинде муниципалдык менчиктен чыгарылганы белгилүү болгон.
УКМКнын кийлигишүүсүнөн кийин «Касиет» медборбору Ош мэриясынын карамагына, ал эми «Авангард» Кара-Суу райондук администрациясынын карамагына өткөрүлүп берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.