Таанышынын жаагына тээп, эсин оодарып койгон жаран жана мушташтын катышуучулары камалды

Милиция кызматкерлери 7-сентябрда эртең менен Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө («Жаштар кварталы») жайгашкан үйдүн короосунда болгон мушташтын бардык катышуучуларын кармашты.

Мушташтын видеосу социалдык тармактарга тараган. Эркектердин ортосундагы чыр мушташка айланган. Алардын бири таанышын ур-токмокко алып, бетине тепкенден кийин ал эс-учун жоготкон. Кийин жабыркаган кишиге короонун тургундары жардам берип, ал өзү кетип калган.
 
Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, райондук ИИБнин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
 
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. жана 1988-жылы туулган Л.Ю. кармалып, алар борбор калаанын ШИИББинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
 
Мындан тышкары, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 1989-жылы туулган Р.Б.га Кодексте көрсөтүлгөн 126-берене (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.
 
Тергөө уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз