Ташиев: "Мени жоготууга далай ирет аракет жасалды"

Ноокат районунун (Ош облусу) тургундары менен болгон жолугушууда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ага бир нече жолу кол салууга аракет кылышканын билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш айрым адамдарга жаккан жок.
 
«Алардын арасында – коррупционерлердин туугандары жана шериктештери, бандиттер бар. Мени жок кылууга далай ирет аракет жасалды. Президенттин жашыруун тапшырмасы менен мага жеке күзөт коюлган: “Ага эч нерсе болбосун, көзөмөлгө алгыла” деп. Бирок биз чыдайбыз, башталган ишти аягына чыгарабыз», – деди Ташиев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз