Кой-Таш окуясы: Атамбаев 11,6 жылга, Фарид Ниязов 7,8 жылга абакка кесилди

2025-жылдын 3-июнунда кечинде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон бир нече кылмыш иши боюнча өкүм чыгарылды.

Соттук отурумду судья Азирет Медеров алып барды.
 
Буга чейин сот үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген болчу: бул Кой-Таш айылында жер тилкелерин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон башаламандыктарга катышуу боюнча иштер.
 
Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан соң судья Медеров төмөнкүдөй өкүм чыгарды:
 
Кой-Таш окуясы боюнча:
 
Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды;
 
Мурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды;
 
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды;
 
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды;
 
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асель Кодуранова 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен (пробация) соттолду;
 
Мээрбек Мискенбаев 5 жылдык пробация менен соттолду;
 
УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев 5 жылдык пробация менен соттолду;
 
Журналист жана Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева 5 жылдык пробация менен соттолду;
 
Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды;
 
Канатбек Осконалиев 5 жылдык пробация менен соттолду;
 
Карыпбек уулу Рыспек 5 жылдык пробация менен соттолду;
 
Амангелди Какебаев 3 жылдык пробация менен соттолду;
 
Марат Шаменов 3 жылдык пробация менен соттолду;
 
Нооруз Капарбек уулу 3 жылдык пробация менен соттолду.
 
Башка эпизоддор боюнча:
 
Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев — мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген жок;
 
Исабек Абдыгазиев — мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген жок;
 
Торохан Тынымсеитов — мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген жок;
 
Аскарбек Шадиев 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөдөн тыюу салынды;
 
“Дастан” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Юрий Васильев — мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген жок.
 
Өкүм окулгандан кийин судья айыпталуучуларды камакка алууну буйруду.
 
Мындан тышкары, сот Аскарбек Шадиев менен Алмазбек Атамбаевден 5 миллиард 439 миллион сом өндүрүп берүү чечимин чыгарды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз