БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун календардык планын кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын Календардык планын кабыл алды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, бардык шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды.
 
Календардык планга ылайык:
 
• Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү – шайлоо күнү дайындалгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен;
 
• Округдук шайлоо комиссияларын түзүү – шайлоо округдары түзүлгөндөн кийин;
 
• Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы шайлоо тилкелерин түзүү – КР ТИМинин сунушу боюнча.
 
Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:
 
• УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин тааныштыруу үчүн илүү – 2025-жылдын 14-октябрына чейин;
 
• Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2025-жылдын 10-ноябрына чейин;
 
• Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) тактоо үчүн кабыл алуу – 2025-жылдын 8-октябрынан 14-ноябрына чейин;
 
• УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү – 2025-жылдын 25-ноябрына чейин.
 
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:
 
• Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү – шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде;
 
• Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – 2025-жылдын 30-октябрына чейин (кошо алганда);
 
• Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу – 2025-жылдын 2-ноябрында саат 18:00гө чейин;
 
• Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 2025-жылдын 10-ноябрына чейин.
 
Шайлоо алдындагы үгүт иштери:
 
• Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү – 2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябрь саат 08:00гө чейин.
 
Добуш берүүнү өткөрүү тартиби:
 
• Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу – 2025-жылдын 28-ноябрына чейин;
 
• Добуш берүүнү өткөрүү – 2025-жылдын 30-ноябрында саат 08:00ден 20:00гө чейин;
 
• КР ЖК депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2025-жылдын 14-декабрына чейин.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз