Президен Айсулуунун ишин өз көзөмөлүнө алып, өлүм жазасын киргизүү маселесин көтөрдү

Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Маалыматка караганда, коомчулукту дүрбөткөн кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчысы терең өкүнүч менен кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү каралууда.

Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштар жазасыз калбашы керектигин баса белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз