Кыргызстанда мыйзамсыз кошумча жабдуулар орнотулган автоунааларды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Кыргызстанда 24-сентябрдан 3-октябрга чейин «Кошумча жабдуу» жана «Техникалык абал» аттуу рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу 4-октябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Рейд учурунда өзгөчө көңүл төмөнкү бузууларга бурулган:

унааларга мыйзамсыз кошумча жабдууларды орнотуу;

техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын каттамга чыгышы;

унаалардын алдыңкы айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;

кошумча фараларды туура эмес орнотуп, түнкүсүн пайдалануу — жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз