3 партия БШКга өздөрүнүн талапкерлерин мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого көрсөтөрүн кабарлашты
Жогорку Кеңештин көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тууралуу расмий билдирүүнү Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясына үч саясий партия жиберди.
Билдирүү тапшырган партиялар — «Кырк ууз», «Легалайз» жана «Ынтымак».
Мыйзамдын талаптарына ылайык, партиялар съезд өткөрүп, ар бир округ боюнча жашыруун добуш берүү жолу менен талапкерлерин көрсөтүшү керек.
Партия ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча съездде жашыруун добуш берүү аркылуу бирден талапкер көрсөтөт. Съезддин чечимдери партиянын колу жана мөөрү менен тастыкталып, БШКга тапшырылат.
Партия Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен өз мүчөсү эмес адамдарды да көрсөтө алат, бирок башка партиялардын мүчөлөрүн көрсөтүүгө укугу жок. Талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик катыш сакталууга тийиш: бир жыныстагы талапкерлер 70%дан ашпоого тийиш.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.