Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо. БШКнын төрагасы мөөнөттөр, даярдоо жана жаңы шайлоо системасы тууралуу
Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатууну пландап жатат. Бул үчүн демилгелүү топ түзүлүп, депутаттардын колдору чогултулду. Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитет бул маселени 23-сентябрда карайт.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров АКИpress агенттигине берген маегинде парламент таркаган учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо кандай өтөрү тууралуу түшүндүрүп берди.
– Келерки жумада Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатып жибериши күтүлүүдө. Процессти кеңири түшүндүрүп бересизби: дайындоо качан болот, шайлоо кандай өтөт жана мөөнөттөр канчалык кыскарышы мүмкүн?
– Биринчиден, өзүн-өзү таркатуу – парламенттин гана ыйгарым укугу. Эч бир мамлекеттик орган же кызмат адамы мындай чечим кабыл алууга укуктуу эмес. Бул – Жогорку Кеңештин гана чечими. Конституциялык мыйзамга ылайык, демилге депутаттардын кеминде үчтөн бири тарабынан көтөрүлүшү керек, ал эми чечимди жалпы депутаттардын үчтөн экиси, башкача айтканда, 60 же андан көп депутат колдошу зарыл. Ошондо гана парламент өзүн таркатып жибере алат. Бул – парламенттин чечими, болот же болбойт – билбейм. Биз мыйзам талаасынан гана чыгып сүйлөшүбүз керек.
Андан кийинки тартип мыйзамда так жазылган. Парламент таркаган учурда президент 5 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого милдеттүү. Ошондон кийин шайлоо өнөктүгүнө байланышкан бардык жараяндар башталат.
Бардык мөөнөттөр үчтөн бирге кыскартыла турганы мыйзамда көрсөтүлгөн. Мисалы, кадимки шартта шайлоо шайлоого чейин 100 күндөн эрте эмес жана 90 күндөн кеч эмес дайындалат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бул мөөнөттөр үчтөн бирге кыскарат.
Башкача айтканда, эгерде президент жарлык чыгарат дечи, анда шайлоо 60 күндүн ичинде өтүшү керек, болжол менен эки айдын ичинде. Маселен, эгер парламент 24–25-сентябрда таркап кетүү чечимин кабыл алса, анда президент 30-сентябрда шайлоо дайындоого мүмкүнчүлүк алат. Ушул күнү жарлык чыкса, шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Дагы бир жолу баса белгилегим келет: бул – парламенттин гана чечими, баары алардын эркине байланыштуу.
– БШК мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярбы?
– Ооба, даярбыз. Коомдо кээде «БШК шайлоо маалында гана иштейт» деген пикир бар. Бул туура эмес. Бизде иштер абдан көп.
Шайлоого даярдык боюнча атайын план бар: иш-чаралар, мөөнөттөр, жооптуулар аныкталат. Эң маанилүүсү – программалык камсыздоо жана техникалык даярдык.
Депутаттар киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, алдыдагы шайлоо жаңы система менен өтөт. Өлкө 30 шайлоо округуна бөлүнөт, ар биринде болжол менен бирдей шайлоочулар болот. Ар бир округдан үч депутат шайланат. Жалпысы – 90. Бул – мыйзамда көрсөтүлгөн сан.
Мындан тышкары, биздин сунуш менен мыйзамга алыстан добуш берүү нормасы киргизилди. Бул эмнени билдирет? Мисалы, сиз Бишкекте катталгансыз, бирок шайлоо күнү Нарында, Баткенде, Таласта же чет өлкөдө – Россияда, Европада, АКШда болсоңуз да, каалаган участокко барып, ID-карта, чет элдик паспорт же «Түндүк» тиркемеси аркылуу добуш бере аласыз. Сизге Бишкектеги округуңуздун бюллетени берилет жана ошол жерден добуш бересиз.
Мурда чет өлкөдө жашагандар консулдукка катталып, арыз жазып, көп бюрократияга туш болушчу. Эми бул талап жок. Шайлоо күнү барып эле добуш берүүгө болот. Ички миграция үчүн да шарт жеңилдетилди. Мурда Бишкекте катталып, Нарында жүрсөңүз, добуш бере албайт элеңиз. Эми бере аласыз.
Бул система жарандардын укуктарын кеңейтет, шайлоого катышууну жеңилдетет. Мен билгенимче, мындай тажрыйба дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө дээрлик жок.
– Шайлоочу кандай тартипте добуш берет?
– Шайлоочу участокко келип, ID-картасын, паспортун же «Түндүк» тиркемесин көрсөтөт. Ага бюллетень берилет.
Ал бир гана кандидатты белгилеши керек. Принцип жөнөкөй: бир шайлоочу – бир добуш – бир кандидат. Коомдо «үчөөнө добуш берсе болот» деген туура эмес түшүнүк бар. Андай эмес.
– Жаңы система боюнча 30 округ болот дедиңиз. Алар кантип аныкталат?
– 1-сентябрдагы абалга карата Кыргызстанда 4 млн 264 миң шайлоочу катталган. Бул санды 30га бөлсөк, ар бир округга орто эсеп менен 142 миң шайлоочу туура келет. Мыйзам боюнча 20%га чейин айырмага жол берилет.
Мисалы, Талас облусунда шайлоочулар 180 миңдин тегерегинде. Демек, ал жерде бир гана округ түзүлөт. Башка облустарда да ушундай эсеп менен бөлүштүрүлөт. Бул система ар бир аймактын өкүлчүлүгүн камсыз кылууга жардам берет.
– Кимдер депутат боло алат?
– Кыргызстандын жараны, 25 жашка чыккан, жогорку билими бар, соттолбогон жана акыркы 5 жылда диний ишмердүүлүк менен алектенбеген адам депутат боло алат.
Соттуулугу алынган же жоюлган адамдар да депутат боло алышпайт. Бирок эгер кылмыш иши «курамы жок», «окуя болгон эмес» же «күнөөсү далилденген жок» деген негизде токтотулса, анда адам реабилитацияланган болуп эсептелет жана шайлоого катыша алат.
Ал эми «амнистия», «мөөнөтү өтүп кетүү» сыяктуу негиздер боюнча токтотулган болсо – шайлоого катыша албайт.
Мындан тышкары, талапкер мамлекеттик тилди билиши керек. Бирок деңгээлди аныктоо тартиби азырынча өкмөт тарабынан иштелип чыга элек.
– Үгүт иштеринин мөөнөтү жана шайлоо фонддору кандай болот?
– Мөөнөтүнөн мурда шайлоо болсо, үгүт 30 күндүн ордуна 20 күн болот.
Шайлоо фондунун максималдуу суммасы – 20 млн сом. Анын 10 миллиону талапкердин өзүнүн акчасы болушу мүмкүн, калганын жарандар жана уюмдар чогулта алат.
Мындан тышкары, талапкерлер милдеттүү түрдө 300 миң сомдук төлөмдү казынага өткөрүшү керек. Бул мурдагыдай күрөөгө берилип, кайра кайтарылбайт. Бул акча мамлекеттик бюджетке түшөт.
– Участоктор кайсы жерде ачылат?
– Көпчүлүккө ыңгайлуу болуш үчүн аэропорттордо («Манас», «Ош»), чоң базарларда («Дордой», «Аламедин», «Орто-Сай») жана айрым аскер бөлүктөрүндө участоктор ачуу пландалууда. Бул жарандардын көбүрөөк катышуусуна шарт түзөт.
– Бюллетендерди кантип чыгарасыздар?
– Мурун чоң тираж менен басылып, кымбатка түшчү. Эми шайлоочу участокко келип идентификациядан өткөндөн кийин гана бюллетень ошол жерден принтер аркылуу чыгарылат. Бул ыкма жасалмалоону азайтууга багытталган.
– Шайлоонун болжолдуу чыгымы канча болот?
– Орточо эсеп менен 700–800 млн сом. Бул сумма негизинен участкалык комиссия мүчөлөрүнүн айлыгына жана техникалык чыгымдарга жумшалат.
– Добуш сатып алуу маселеси кандай көзөмөлдөнөт?
– Шайлоо фонддору, банктар жана укук коргоо органдары аркылуу катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Акча таратуу, белек берүү, административдик ресурс колдонуу аныкталса, талапкердин каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн.
– Кимдин жоопкерчилигинде талапкерлердин маалыматтарын текшерүү болот?
– БШК тиешелүү органдарга (Билим берүү министрлиги, ИИМ ж.б.) кайрылат. Ошондой эле жарандык коом жана журналисттер да активдүү көзөмөлдөйт. Эгер жалган диплом же соттуулук аныкталса, талапкер шайлоого катыша албайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.