Кыргызстанда Ооганстандан баңгизаттарды алып келүүчү ири канал жабылды

Ооганстанда чыккан баңгизаттарды ири көлөмдө ташып өтүү жана жайылтуу каналы аныкталып, токтотулду, — деп билдирди 6-октябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери коңшу өлкөдөн баңгизаттарды аткезчилик жолу менен ташып келип, андан ары Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө жайылтууну көздөгөн кылмыштуу топту аныкташкан.

Октябрдын башында баңгизаттарга каршы кызматтын кызматкерлери коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен бирге шектүүлөрдү кармашкан. Алардын баары мурда бир нече жолу соттолгон: Т.Н. (1997-ж.т.), Х.Б. (1989-ж.т.) жана Т.С. (1974-ж.т.). Баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жалпысынан 4 килограмм 22,6 грамм апийим табылып, алынган. Ал баңгизаттар сатуунун алдында даярдалып жаткан.

Тергөө алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталып жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз