Кыргызстанда жер титирөөнүн натыйжасында 13 имарат жабыркады, - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

2025-жылдын 6-октябрына караган түнү Кыргызстанда болгон жер титирөөдөн улам 6 турак үй, 4 мектеп, 1 бала бакча жана 2 ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) имараты жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 18:30га карата төмөнкү объектилерде жабыркоолор катталды:

Жалал-Абад облусунда Каныш-Кыя айыл аймагындагы Башкы-Терек айылында 1 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 ФАПтын жана 3 турак үйдүн дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Ошондой эле Коргон-Сай айылында 2 турак үйдө, Курулуш айылында 1 турак үйдө жана Чакмак-Суу айылында 1 ФАП имаратында жаракалар байкалган.

Талас облусунун Айтматов районунда Шекер айылындагы 1 мектептин, Семетей айылындагы мектеп-интернаттын жана Манас районуна караштуу Семетей айыл аймагындагы Жайылган айылындагы 1 мектептин дубалдарында да жаракалар пайда болгон.

Жарандык коргонуу кызматтары учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу департаментинин адистери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 6-октябрында саат 02:29да Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, MSK-64 шкаласы боюнча 6 баллдык жер титирөө катталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз