ТИМдин консулдук кызматтарынан түшкөн каражаттын 15% УКМКны каржылоого багытталат
Министрлер кабинети «Консулдук кызматтар үчүн алынуучу төлөмдөр жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебине бирдиктүү тышкы миграцияны эсепке алуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражаттын 15 пайызы (мурун 8 пайыз болчу) республикалык бюджетке багытталат.
Бул каражаттар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин каржылоого жумшалат. Тактап айтканда, маалыматтык системаны техникалык тейлөө, жаңылоо жана колдоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ошондой эле системанын ишин камсыздаган кызматкерлерди сыйлоо үчүн колдонулат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.