Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Жарасул Абдураимов каза болгону кабарланды

Коррупцияга айыпталып, жыл башында камалган мамлекеттик кызматкер Жарасул Абдураимов каза болду. Бул тууралуу маалымат 6-октябрдын кечинде анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланганын «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, Абдураимов буга чейин боор рагынын төртүнчү стадиясынан жабыркап, абалы оор экенин жакындары билдиришкен. Алар Какиш Рыскулова атындагы №1 шаардык клиникалык ооруканада дарыланып жаткан Абдураимовго донордун каны керек экенин айтып, жарандарды кан тапшырууга чакырышкан.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, октябрдын башында “Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчисине козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүлгөн. Бирок соттук жараян качан башталаары белгисиз бойдон калган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) быйыл январь айында Абдураимовду жана анын орун басарын “коррупциялык схема түзгөн” деген айып менен кармаган. Кийинчерээк Абдураимовдун ооруканага которулгандыгы кабарланган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалгандар 2022–2024-жылдары мекемеге караштуу 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып, аларга тааныш адамдарын жетекчи кылып дайындап, жогору айлык төлөп турган деген шек бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз