Президенттик админстрациянын маалымат саясаты кызматынын башчысы Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы окуя боюнча комментарий берди
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 3-октябрга караган түнү борбордогу Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон эки адамдын өлтүрүлүшүнө комментарий берди.
7-октябрда милиция 34 жаштагы эркек менен анын 36 жаштагы эжесин өлтүрүүгө шектелген адамды кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Ынтымак көчөсүндөгү үйгө кирип, тургундарды бычактап кеткен. Маркумдун жубайы үч баласы менен кошунасына качып үлгүргөн. Бул кылмыш коомдук резонанс жараткан. Ошол эле учурда ИИМ шектүүнүн кармалганы тууралуу расмий маалымат тараткан эмес.
Орунбеков кылмышка шектүүнүн кармалганын тастыктап, укук коргоо органдары кылмышчыны кармады дегенге ишенбеген социалдык тармактардын колдонуучуларын сынга алды.
«Шектүү боюнча бардык маалыматтар жана фактылар толук чогултулган, кылмыштын мотивдери так аныкталган. Тергөө иши уланууда.
Ошондуктан, шектүүнүн жаш курагын да эске алып, “окшошпойт, силер башка адамды кармапсыңар” деген сыяктуу талкууларды токтотуу керек. Милиция өз ишин аткарып жатат — өзүбүздү эксперт сезбейли. Шектүү кылмыш жасалганга чейинки бардык жерлерде болгон видеожазуулар жана 100% далилдер ИИМдин колунда. Жөн эле бирөөнү “жок жерден” күнөөлөп коюуга болбойт — бул оюнчук эмес. Бул иш коомчулукта кеңири талкууланды, ИИМ кылдат жана тез аракеттенди. Алардын колунда толугу менен тастыкталган маалыматтар бар», — деп жазган Орунбеков.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.