Кыргызстандын курама командасы ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында 6 медаль жеңип алды. Тизмеси
Кыргызстандык балбандар Венгриянын Татабанья шаарында өткөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль жеңип алышты.
Эркин күрөш боюнча бул мелдеш 6–9-октябрда болуп өттү. Бардыгы болуп беш жаш курак категориясында 30 топтом медаль ойнотулган.
Кыргызстандын курама командасынын курамында 21 балбан катышып, жыйынтыгында 6 медаль — 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль татыктуу болушту.
А тобу (35–40 жаш):
– 100 кг чейин — Айбек Сейитбек уулу — 3-орун
B тобу (41–45 жаш):
– 78 кг чейин — Эсенбек Байматов — 2-орун
– 88 кг чейин — Роман Сарыбаев — 2-орун
– 130 кг чейин — Аскер Эфендиев — 3-орун
C тобу (46–50 жаш):
– 88 кг чейин — Таалайбек Жанаев — 3-орун
D тобу (50–55 жаш):
– 100 кг чейин — Чынарбек Изабеков — 1-орун
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.