"Ак шумкарлар" Мундиалга жолдомо алуу үчүн эмне кылышы керек?

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия зонасындагы тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычында экинчи жеңишине жетишти. Бул тууралуу "Спорт АКИпресс" басылмасы жазды.
 
Максим Лисицындин шакирттери 25-март күнү Бишкекте Катар курамасы менен ойношуп, 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.
 
Бул жеңиш учурдагы Азия чемпиону болгон Катар курамасына каршы болгондуктан, анын мааниси чоң. Бирок, бул ийгилик Кыргызстан курамасынын дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгүн канчалык жогорулатты?
 
3-орунга чыгуу мүмкүнчүлүгү жоголду, бирок 4-орун үчүн күрөш уланууда
 
Кыргызстан буга чейин Өзбекстанга 0:1 эсебинде жеңилип, түздөн-түз дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгүн (1-2-орун) жоготкон. Бирок, команда 3-4-орундар үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап турган.
 
Портал We Global Football Кыргызстан курамасынын 3-орунду ээлөө мүмкүнчүлүгүн 0,2%, ал эми 4-орунга чыгуу ыктымалдыгын 0,4% деп баалаган. 3- жана 4-орундардын айырмасы жок, экөө тең кийинки – төртүнчү баскычка жолдомо берет.
 
Катардын утулушу жана БАЭнин Түндүк Кореяны 90+8 мүнөттө жеңип кеткени жаңы кырдаалды жаратты. Кыргызстан 3-орунга чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту, бирок бул анча маанилүү эмес. Башкысы – команда 4-орун үчүн негизги атаандашын аныктап алды.
 
We Global Football'дун жаңы эсеби боюнча, Кыргызстандын 4-орунду ээлөө мүмкүнчүлүгү 9,1%га жогорулады. Катардын мүмкүнчүлүгү 88,6%, ал эми БАЭники – 2,3%.
 
Кыргызстан үчүн чечүүчү оюндар
 
Учурда Катарда 10 упай, ал эми Кыргызстанда 6 упай бар. Ар бир кураманы дагы эки оюн күтүп турат.
 
Кыргызстан 5-июнда КЭДРге конокко барат. Бирок, оюн кайсы өлкөдө өтөрү белгисиз. Анткени Түндүк Корея буга чейинки оюндарын Лаос менен Сауд Аравиясында өткөргөн.
 
10-июнда Кыргызстан Бишкекте БАЭ курамасын кабыл алат.
 
Кыргызстанга идеалдуу сценарий:
 
-Кыргызстан КЭДР менен БАЭни жеңип, 12 упай топтошу керек;
 
-Катар жок дегенде бир оюнда тең чыгышы керек.
 
Эгер Кыргызстан 4 упай (бир жеңиш, бир тең чыгуу) топтосо, анда Катар эки оюнунда тең жеңилүүгө тийиш.
 
Катардын оюндарындагы белгисиздик
 
Катардын кийинки оюндары:
 
5-июнь: Катар – Иран
 
10-июнь: Өзбекстан – Катар
 
Иран буга чейин финалдык баскычка чыккандыктан, Катарды жеңүүгө канчалык мотивациясы бар экени белгисиз. Ошол эле маалда Катар утса, 4-орунду алдын ала камсыз кылып алат.
 
Эң пайдалуу сценарий:
 
- Кыргызстан КЭДРди жеңиш керек;
 
- Өзбекстан БАЭни жеңип, дүйнө чемпионатына чыгат;
 
- Иран Катарды жеңип, Катардын 10 упайында калып кетүүсүн камсыздаш керек.
 
Бул учурда Бишкекке келген БАЭ курамасы турнирдик мотивациясын жоготуп, Кыргызстан үчүн ыңгайлуу атаандаш болуп калмак.
 
Бирок экинчи вариант да бар:
 
- Кыргызстан КЭДРди жеңиш керек;
 
- Иран Катарды жеңиш керек;
 
- БАЭ Өзбекстанды жеңиш керек.
 
Бул сценарийде Бишкекке мотивациясы күчтүү БАЭ курамасы келмек, бул Кыргызстан үчүн кыйынчылык жаратат.
 
Кыргызстан курамасынын үмүтү жогору
 
Кыргызстан курамасы тандап алуу оюндарындагы күчтүү атаандаштарга карабастан, акыркы мүнөттөргө чейин дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап келатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз