Чынарбек Изабеков күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиону болду
Кыргызстандын спортчусу Чынарбек Изабеков Венгриянын Татабания шаарында өткөн ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында спорттук күрөш боюнча алтын медаль жеңип алды.
Ал 51–55 жаштагы спортчулар арасында, 100 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Изабеков мелдешти 1/8 финалдан баштап, төрт беттештин баарын утуп, дүйнө чемпиону болду.
100 кг чейин
1/8 финал:
Чынарбек Изабеков — Валериан Заболотный (Румыния) — 9:3
1/4 финал:
Чынарбек Изабеков — Джузеппе Анджелло (Италия) — 10:0
Жарым финал:
Чынарбек Изабеков — Мукеррем Кийи (Түркия) — 3:0
Финал:
Чынарбек Изабеков — Алвин Лерой Риггс (АКШ) — 6:2.
Изабеков буга чейин эки жолу дүйнөнүн чемпиону болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.