Бишкекте мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы аныкталды.

Маалыматка караганда, кылмыштуу топ эч кандай уруксат документтери жок, Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен «Ош сила» аттуу фиктивдүү лотереяны уюштурган. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, лотереянын уюштуруучулары анын катышуучуларынан акча чогултуп, жеке баюу максатында алдамчылык схемасын түзүшкөн.

Лотереянын жыйынтыгында жасалма жеңүүчүлөр аныкталып, бардык байгелер уюштуруучуларда калган. Көптөгөн жарандарды тартуу үчүн алар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк — унаа, батир, жер сыяктуу кымбат баалуу байгелерди ойноткон. Бирок бул байгелерди жеңүүчүлөр катары атайын дайындалган адамдар гана алган. Мунун натыйжасында уюштуруучулар жасалма байгелер менен жарандарды адаштырып, алдамчылык жолу менен чоң киреше тапкан.

«Ош сила» лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө буюм далилдер табылып, алынган. Алардын ичинде лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж өткөрүү үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган автоунаалар жана мыйзамсыз иш-аракеттерди тастыктаган документтер бар.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык (“алдамчылык”) кылмыш иши козголуп, уюштуруучулар К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык жагдайларды жана адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өлкө аймагында профессионалдык лотереяларды уюштурууга укуктуу бирден-бир уюм — «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы экенин эскертип, жарандарды мыйзамсыз лотереяларга катышпоого жана шектүү билеттерди сатып албоого чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз