Евразия университетинин үч мугалими кармалып, 287 диплом жараксыз деп табылды
14-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдагандай, «Евразия университети» аттуу коммерциялык эмес билим берүү мекемесинде комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөр аныкталды.
Расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, айрым студенттер сабактарга, модулдарга жана сынак-сессияларга катышпаганын билип туруп, окуу жайдын окутуучулары мыйзамсыз түрдө алардын упайларын (бааларын) ведомостторго киргизишкени аныкталган.
УКМКнын маалыматына ылайык, бул кылмышка 19 окутуучу катышкан, алардын ичинен үчөө — К.А.М., К.Н.А. жана Э.у.У. — кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Мындан тышкары, атайын кызматтар тарабынан 287 диплом мыйзамсыз берилгени аныкталып, алар жараксыз деп табылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.