6 жыл мурун жубайларды өлтүргөн: УКМК Интерпол тарабынан издөөгө алынган казак жаранын кармады
Бишкек шаарынынын аймагында УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны А.Р.А. кармалды.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоодо (эки кишини өлтүрүү) айыпталууда.
"Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн А.Р.А. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам, А.Р.А. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн",- деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 24-февралында Казакстандын А.Р.А. аттуу жараны кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.