Бирөөнүн автоунаасын алып, 24 миң 200 долларга сатып жиберген жаран кармалды
Ошто 43 жаштагы таанышынын автоунаасын 24 миң 200 долларга сатып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 18-октябрь күнү Ош шаарынын туругун Х.А. 1982-жылы туулган таанышынын «Лексус ЕS-300» үлгүсүндөгү автомашинасын башка бирөөгө 24 миң 200 долларга сатып, «бир айда өткөрүп берем» деп, качып кеткен жаран кармалды.
«Аталган жарандан автоунааны сатып алган жаран автоунааны минип жүргөн кезде автоунаанын чыныгы ээси ал машинаны тартып алган. Автоунааны сатып алган жаран милицияга кайрылган»,- деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 17-февраль күнү Х.А. Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш-жаза кодексинин 209 беренесинин 3-бөлүгү (Алдамчылык) менен иш козголгон. Милициянын маалыматына боюнча, ал мурда дагы алдамчылык менен 2 жолу соттолгон.
Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү ушул жарандардан жабыркагандар болсо 0501-999-993 же 102 телефону аркылуу байланышып коюуну суранат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.