Нурбек Акжолов каржы министринин орун басары болуп дайындалды
Нурбек Акжолов каржы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Буга чейин ал Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
Нурбек Акжолович Акжолов 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин тутумунда эмгектенет. 16 жыл ичинде ал эл аралык каржылык байланыштар чөйрөсүндө адистен тартып башкармалык башчысына чейинки ар түрдүү кызматтарды аркалаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




