Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык жана өрт коопсуздугу талкууга түштү
«Эмаком» курган 12 кабаттуу үйдүн чатырындагы өрттөн кийин Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык жана өрт коопсуздугу боюнча маселелер башкы темага айланды. Коомчулук жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр такай текшерилип турган болсо, мындай алешемдиктер болбошу керек эле деген пикирлерди айтышууда, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Мурдагы экология жана техникалык инспекциянын айрым функционалдык милдеттерин алып жүргөн Ош шаардык архитектурлык курулуштарды контролдоо башкармалыгы ар бир жаңы курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн ар бир кабаты тыкыр текшерилерин айтууда.
«Биз жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык коопсузудугун карайбыз. Маселен, курулуш курулуп жатканда жумушчулар атайын кийимдерди кийиш керек, башына каска кийиш керек, курулуштун ар бир кабатында иш башталганда атайын торлор тартылып туруш керек деген маселелерди текшерип турабыз. Ар бир курулуп жаткан үйдүн ар бир этажынын техникалы коопсуздугун карап турабыз», - деди жогоруда аты аталган башкармалыктын башчысы Орунбек Бейшебаев.
Ошондой эле аталган башкармалыктын башкы инспектору Осмонкул Курманбеков жаңы курула турган үйлөрдүн долбоору экспертизадан өтүп, курулуш иштери башталгандан кийин гана алардын карамагына өтөрүн мындайча түшүндүрдү.
«Биринчиден, айтып коюшум керек, биз курулушту куруу боюнча эч кандай уруксат кагаздарын бербейбиз. Эгер жаңы үй курайын деген компания тиешелүү мекемелерден документтерди алып, бизге алып келсе гана үйдү катттоого коюп, курулуштун техникалык коопсуздугун көзөмөлдөйбүз», - деди башы инспектор.
Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош регионалдык башкармалыгы курулуштар боюнча өздөрүнө тиешелүү болгон функционалдык милдеттерин төмөндөгүчө түшүндүрдү.
«Биздин башкармалык мамлекеттик актысы менен келген компаниянын үйүнүн долбоорун карап, ал үй кура турган жер шаардын башкы планына туура келеби же жокпу деген маселени изилдейт. Андан соң ал курулуштун «кызыл сызыктарынын» нормасын аныктайт. Тактап айтканда, үйдүн «кызыл сызыгы» канча метр, тиги көчөгө канча метр чыкпашы керек, бул жакка канча метр чыкпашы керек деп курулуштун чегин аныктайт. Андан соң гана АПЗ берилет. АПЗны алган компания долбоорун мамлекеттик экспертизага алып барып, экспертизадан өткөрүшү керек», - деди аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев.
Курулуштун нормалары боюнча ар бир курулуп жаткан объектин өрт коопсуздугу да каралат. Жаңы үй сала турган жаран же компания үй салардын алдында техникалык коопсуздуктан сырткары да өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдан тиешелүү уруксат кагаздарын алышы керек. Азыркы күндө объекттердин өрт коопсуздугу боюнча нормаларды ӨКМдин өрттү көзөмөлдөө башкармалыгы карайт.
«Азыр эң көйгөйлүү маселе, жашоочулардын үйлөрдү пайдубалы башталганда эле үй алышы болуп жатпайбы. Тагыраак айтканда, үй алам деген жашоочу үйдүн пайдубалы башталып жаткан учурда эле курулуш компанияга белгилүү бир суммадагаы акчаны төгүп жатышат. Негизи кандай болуш керек эле. Үй алам деген жаран курулуш компаниянын долбоорун караш керек. Анын долбоору мамлекеттик экспертизадан өткөнүн аныкташ керек.
А бизге келе турган болсок, биз да курулуш компаниянын үйүнүн долбоорун карайбыз. Анын эмнесине көйүл бурабыз. Ал долбоордо өрт өчүрүүчү автоунаа кире турган жолу барбы, өрт учурунда чыгып, же кире турган эшиктери барбы, өрткө каршы люктары барбы, өрт чыкканын кабарлай турган сигнализациясы барбы деген маселелерди карайт. Анан, сөзсүзс түрдө 9 кабаттан кийин көп кабаттуу үй болуп эсептелет. 9 кабаттан кийин сөзсүз түрдө түтүн чыгара турган системасы (Система дымовой удаление) болуш керек. Бул деген мисалы, 5-кабатта өрт болуп, түтүн чыкса, кламандар ачылып, түтүндү соруп алыш керек деген. Ушул система сөзсүз болушу керек», -деди ӨКМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча өрттү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Абдылдаев.
Азамат Абдылдаев кошумчалагандай, «Эмакомдун» А. Маматсаков №226 дарегинде жайгашкан үйүнүн да өрт чыккан учурда иштей турган сигнализациясы да, түтүндү соруп ала турган системасы да жок болуп чыккан.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Мурзатов билдиргендей жыл башынан бери 4 көп кабаттуу үйдө, 3 курулушу жүрүп жактан объекттерде өрт кырсыгы катталган.
Өрт кырсыгы катталган 4 көп кабаттуу үйлөр боюнча маалымат:
- Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун №25 үйүнүн (105-сериядагы 4 кабаттуу үй) №80 батиринин ашканасы күйгөн. Чыгымы: 153 миң сом. Өрт электр энергиясынын кыска туташуусунан чыккан(Замыкание);
- Ош шаарынын С. Ибраимов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан “Аманат Сити” көп кабаттуу турак жай комплексинин 15-кабаттын чатыры күйгөн. Чыгым: 33 миң 835 сом. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам чыккан;
- Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүнүн №55 дарегиндеги 103-сериядагы 4 кабаттуу үйдүн 3-кабатындагы 31-батирдин уктоочу бөлөсү өрттөнгөн. Чыгым: 351 миң 65 сом. Өрт электр зымдарынын кыска туташуудан улам чыккан;
- Ош шаарынын Айша Маматсакова көчөсүнүн №226 дарегиндеги «Эмаком» компаниясынын 12 кабаттуу үйүнүн (мансард тибинде кылып, 13-кабатын да кошкон) чатыры толук күйгөн. Чыгымы такталып жатат. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыгышы мүмкүн деп божомолдонууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




